Бишкек: Аялды күч колдонуп батирден чыгарып салган окуяны милиция териштире баштады

Милиция Бишкек шаарында аялды ижарага алып жашап жүргөн батиринен чыгарып салган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук милициясы билдирди.

Буга чейин соцтүйүндө шаар тургуну ижара акысын көтөрүп, аны төлөй албаган мугалимди милициянын жардамы менен батирден чыгарып салган видеосу тараган. Тасмадан аял баласы менен сыртта калганын көрүүгө болот.

Кийинчерээк үйдүн ээси «батирди ижарага берүү боюнча аял менен түзгөн келишимдин мөөнөтү эбак бүткөнүн» айтып чыккан.

Биринчи май РИИБи 27-сентябрында үй ээси батиринде жашаган тургундун үстүнөн арыз жазганын билдирди.

«Батирдин ижарага берилгени тууралуу иштин материалдары тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Окуя кандай болгон?

Бул окуянын видеосун блогер Эртай Исаков инстаграм барагына жарыялаган. Анда үй ээси ижара акысын көтөрүп, акчасын төлөй албаган мугалимди батирден күч менен чыгарып салганы айтылат.

Аял болсо Исаковго үй ээси бажы кызматкери экенин айтып, батирди бир жылдык келишимдин негизинде ижарага алганын айтып берген. Ал айына 16 миң сом төлөп келгенин, бирок үй кожойкеси ижара акысын 38 миң сомго көтөрүп, үйдөн чыгып кетүүгө бир жума убакыт бергенин белгилеген.

«Азыр батир издеп жатам, бирок чыкпай жатат, кожоюну азыр белгисиз адамдар менен келди. Эшикти сындырып, кулпуларын алмаштырып салышты. Азыр ал босогодо отурат, мени кууп чыгууга аракет кылып жатат. Мен милицияга чалдым», — деген ал.

Ошондой эле ал аял жерине келген милиция кызматкерлери соттун чечимисиз күч колдонуп, телефонун тартып алган соң, батирден чыгарып, райондук милицияга алып кетишкенин айткан.

Орусиядагы мобилизация жана турак жайдагы ижара акысынын көтөрүлүшү

Орусияда мобилизация жарыяланганы тууралуу биринчи кабарлар айтыла баштагандан кийин эле бир жуманын Бишкекте батирлердин иражасы акысы кымбаттап кетти. Борбор Азиянын ири шаарларында ижара акылары көтөрүлүп кеткенине согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткан эркектердин массалык агымы менен байланыштуу.

Акыркы аптада өлкөгө канча орусиялык киргенин чиновниктер азырынча айта элек. Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстанда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турганын «Клоопко» билдирген.

Буга чейин кыймылсыз мүлк рыногунда иштегендер соңку аптада Бишкекте батирлердин ижара баасы болжол менен 33%га көтөрүлгөнүн, ижара акылары дагы өсө берерин айтышкан «Клоопко».

Айрым батир ээлери суроо-талап жогору болуп жаткан чакта пайда көрүүнү чечишкен.

Депутат Дастан Бекешев 29-сентябрда батирлердин кымбаттап жатканы тууралуу пикирин билдирген. Ал батирлерге рейд жүргүзүүнү сунуштаган.

«Эгер батирди ижарага берүүчүлөр салык төлөшсө, алар келишим түзүшөт. Ошондо Иван келип: Мыктыбекти чыгар, мен сага көбүрөөк акча төлөйм деген учурлар аз болот», — деген эл өкүлү.

Тема боюнча:

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекте батирлердин ижарасы 30%га кымбаттады