Иманкулов: Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү суранды

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путинге кайрылып, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн айтты. Бул тууралуу Иманкулов Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, орус тарап эки өлкөнүн материалдары менен таанышып чыгып, соңку бааны берүүнү убада кылган.

Бул маалыматты «Клоопко» президенттин администрациясынан дагы тастыкташты. «Астанада аталган маселени жөнгө салууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды, себеби Орусия СССРдин мураскери болуп эсептелет», — деди Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Буга чейин Путин Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен үч тараптуу жолугушуу боюнча комментарий берген. Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланган.

Орус лидеринин айтымында, тараптар чек арада аскердик аракеттер жанданып кетпеши үчүн чара көрүүнү макулдашышкан.«Экинчиден, абдан маанилүүсү, тараптар качкындарды кайтаруу үчүн тийиштүү кадамдарга барышат. Үчүнчүдөн, бул дагы олутуу маселе, бул жерде маанилүү элемент, биз кандайдыр бир ортомчулук ролго ынтызар болбогонубуз менен, бирок ачык айтканда, бизден ушуну суранышкан, биринчи да, экинчи тарап да бизге тийиштүү документтерди берүүнү жана маселени чечүүнүн жолдорун ар бири өз алдынча сунуштамай болду. Биз бул сунуштарды жөн гана баалап койбостон, алдыдагы сүйлөшүүлөргө негиз боло турган биздеги документтерди да колдонгонго аракет кылабыз», — деген Путин.

Орусиянын президенти Москвада союздук өлкөлөрдүн чек арасы жөнүндө бул өлкөлөрдүн өзүнө караганда «ишенимдүү маалымат» көп болушу мүмкүн деп кошумчалаган.

«Ошол документтерди, карталарды көтөрөбүз анан кызматташтар менен биргеликте чечим кабыл алабыз», — деп белгилеген Путин.

Үч президенттин жолугушуусу

Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу 13-октябрда Астана өткөн.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жолугушуу Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулганын билдирген. Ал жерде кыргыз-тажик чек ара маселелери талкууланган.

Жолугушуунун башында Путин сөз баштап, ал Кыргызстан да, Тажикстан да «Орусиянын жакын союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү» экенин белгилеген. Ал ошондой эле Орусияда бир миллион кыргызстандык жана эки миллион тажик жараны жашап, иштеп жана окуп жатканын айткан.

Жолугушуунун негизги бөлүгү жабык эшик артында өткөн.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда Жапаров Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин эске салган.

Ошондой эле, администрациянын кабарына ылайык, Жапаров Кыргызстан кыргыз-тажик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу кылып жана тез арада калыптандырууга «ынтызар экенин» белгилеген. Өлкө башчысы бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын кошумчалаган.

Ал эми Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн карап чыгышкан.

«Пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык каражаттар менен гана чечүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк топтордун жана эксперттердин жумушчу топторунун ишин мурда жетишилген макулдашууларга ылайык активдештирүү боюнча келишилди», — деп айтылат маалыматта.

Дагы окуңуз: Бир видео менен: Астанадагы үч тараптуу жолугушууда Жапаров менен Рахмон учурашкан жок