Бир видео менен: Астанадагы үч тараптуу жолугушууда Жапаров менен Рахмон учурашкан жок

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-октябрда Астанада Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн үч тараптуу жолугушуунун башталышында кол алышып учурашкан жок.

Жапаров Путин менен жолугушууга биринчи болуп келген, андан кийин Рахмон кирип, Путин менен кол алышып, өзүнүн ордуна отурду.

Жолугушуунун башында Путин Кыргызстан менен Тажикстан «Орусиянын жакын стратегиялык өнөктөштөрү экенин» белгиледи. Ал ошондой эле, миллион кыргызстандык жана эки миллион тажикстандык Орусияда жашап, эмгектенип жүргөнүн эске салды.

Жолугушуунун негизги бөлүгү жабык эшик артында өттү.

Кыргызстандын президенттин администрациясынын маалыматында, өлкө башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу маселелерди талкуулашканы айтылат.

«Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды», — деп билдиришти кыргыз президентинин администрациясынан.

Ошондой эле маалыматка ылайык, Жапаров ошондой эле «Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын» белгиледи.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынан жолугушууда өлкө башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана деморкациялоо процессинин жүрүшүн карашканын билдиришти.

«Жаралган көйгөйлөрдү бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечүү, ошондой эле, чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча эксперттерден турган өкмөттүк топтун ишин буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык күчтүү тартипте активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди», — деп айтылат тажик президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү талкуулай турганы тууралуу 12-октябрда белгилүү болгон.

Мындай жолугушууну өткөрүүнү Орусиянын президенти демилгелегени айтылган. Жапаровдун маалымат катчысынын айтымында, Путин «Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген».