Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековго басым кылууга жол берилбеши керек деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун мүчөлөрүнүн бири Равшан Жээнбеков «Клоопко» билдирди.
БДК парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин башчысы Айдарбековду, анын ичинде орун басарларын Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча макулдашууну жактырууга мажбурлап жатышат деп белгилешти.
Кыймылдын мүчөлөрүнүн пикиринде, «күч түзүмдөрүнүн жетекчиси тарабынан» депутаттарга басым «азыркы бийликтин чыныгы максатын көрсөттү».
БДКдан өлкө жетекчилиги мындай жол менен өзгөчө стратегиялык мааниге ээ объектти башка мамлекетке берип, өлкөнүн бүтүндүгүн бузуп жатканына карабай «өз бийлигин сактап калууну каалап жатат» деп белгилешти.
«Биздин жаңы тарыхта бийлик Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу жолу менен, коомчулуктун оюн эске албастан эзелтен эле бизге таандык тарыхый жерлерибизди коңшуларга өткөрүп берген ушул сыяктуу кейиштүү фактылар бар. Ал эмне болуп аяктаган, алар акыры кандай баа алган? Аларды улуттук кызыкчылыкты сатканы үчүн жоопкерчилике тартуу маселеси — убакытка гана көз каранды, ал күн да сөзсүз келет!» — деп билдиришти кыймылдагылар.
Чыңгыз Айдарбековго басым
10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет.
«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.
Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан.
«Регламентке ылайык, чечимге маселе каралган отурумду ким алып барса, ошол киши кол коюшу керек. Бул комитеттин жыйынын төрага өзү алып барган», — деп кошумчалады Лурова.
Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкаб комментарий берүүгө үлгүрдү.
«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазды минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.
Айдарбеков чечимге кол койбой койгону үчүн аны парламенттик комитеттин төрагалык кызматынан алуу аракети көрүлөрүн четке какпайт.
Ал эми депутат Шайлообек Атазов Айдарбековду алмаштыруу маселеси чынында эле талкууланып жатканын бышыктады «Азаттыкка».
Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы депутатты чакыртып алуу маселесин карашпай турганын билдиришти. Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитеттин төрагалыгына аталган фракциядан келген.
Кемпир-Абад боюнча талаштар
Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.
Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.
Ошол эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.
Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан. Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Тема боюнча:
Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?