Өзгөндө мушташтан качып бараткан 14 жашар өспүрүм жардан кулап каза тапты

Ош облусунун Өзгөн районунда массалык мушташтан качып бараткан 14 жаштагы өспүрүм жардан кулап каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрга караган түнү Өзгөндүн Киров айылында мектеп окуучулары коңшу Шагым айылындагы теңтуштары менен мушташышкан. Анда мушташ болгон жерден качып баратып өспүрүм жардан кулап кеткен.

Ал эми 16-октябрда саат 10:00 чамасында атасы өспүрүмдү бийик жардын түбүнөн жаракат алган абалда таап, ооруканага алып барган. 17-октябрда өспүрүм ооруканадан өзүнө келбей каза болгон.

Учурда бул факты милицияга катталып, тергөө башталды. Тиешелүү экспертиза дайындалып, күбөлөр суралып жатат.