Бишкек — Ош жолунда төрт жашар наристени унаа коюп кетти, ал жеринде каза тапты

Бишкек — Ош жолунда 4 жаштагы кызды унаа коюп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек — Ош жолунун 388-чакырымында төрт жашар кыз жолду карай чуркап чыккан. Ал учурда «ВАЗ-2101» унаасы кызды коюп кеткен.

Алган жаракатынан улам наристе жеринде каза тапкан.

Милициядан кыздын жакындары соттук-медэкспертизадан баш тартып, эч кандай арыз-доосу жок экендиги тууралуу тил кат жазып бергенин билдиришти.

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болду, анын 79у жаш балдар

Ал эми өлкө боюнча акыркы төрт жылда 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.