Кадамжайда белгисиз адамдар үй-бүлөгө кол салып, эки адам каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда белгисиз адамдар үй-бүлөгө кол салып, 61 жаштагы тургун жана анын 29 жаштагы уулу киши колдуу болду. Ал эми 59 жаштагы аял жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 18-октябрь саат 22:00 чамасында белгисиз кишилер куралдары менен кирип эс алып жаткан 61 жаштагы кишини көкүрөгүнө жана бетине аткан. Ал эми анын 29 жаштагы уулун башына атып, 59 жаштагы аялынын башына балта менен урушкан.

Ошондой эле белгисиз адамдар үй-бүлөнүн мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган Honda CR-V унаасын өрттөөгө аракет кылышкан. Андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен.

Ок жеген ата-бала жеринде каза тапкан. Ал эми аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, издөө иштери жүрүп жатат.