Министр кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну сунуштады

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасынын талаштуу аймактарына ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн жайгаштырууну сунуштады. Бул билдирүүнү ал 19-октябрдагы маалымат жыйында айтты.

«Мен жакында эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолуктум. Мен ага кыргыздар менен тажиктердин ортосунда тынчтык болбой турганын айттым, анткени эки тараптын тең өз чындыгы бар. Жана биздин ортобузда үчүнчү тарап калыс болмоюн, мисалы, ошол эле кичинекей контингенттеги ЖККУ [жаңжал улана берет] дедим. Биздин талаштуу аймакта үч тапшырма бар: ок атышууну көзөмөлдөө жана токтотуу, оор аскердик техниканы артка чыгарып кетүү жана мамлекеттик чек ара. Эгер алар ушул маселелерди чечип беришсе, анда кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы чек араны делимитациялоо сыяктуу саясий маселелерди чечсе болот», — деди ал.

Министрдин пикиринде, «Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо маселеси учурда сонун эле чечилип жатат».

«Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги мамилелерди жөнгө салууга, мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана талаштуу жерлердеги маселелерди чечүүгө аракет кылып жатканда, ичибизден тукуруу башталып жатат. Ошол керекпи? Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек ара маселеси сонун эле чечилип жатат, биз утуп жатабыз. Учурда Өзбекстан менен чек арадагы туруксуздук бизге таптакыр кереги жок», — деди Бекболотов.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.