Адахан Мадумаров Баткенге АКШдан келген аскердик делегациянын чоо-жайын сурады

Баткен облусуна АКШнын аскердик делегациясы келди. Бул тууралуу парламенттин 20-октябрдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Депутаттын айтымында, америкалык аскердик делегацияны коргоо министринин орун басарлары тосушкан.

«Чоң иш чаралар өтүп жатат. Эгемен өлкөгө, болгондо да кошуна мамлекет менен кырдаал ушундай болуп жатканда — бул болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККУга мүчөбүз. Мына, бүгүн-эртең Санкт-Петербургда жыйыны болот. Биз өнөктөш катарында түшүнүксүз маселе болуп жатат. АКШ менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимибиз жок. Анын долбоору да жок, ал Жогорку Кеңеш тарабынан [маселе] каралган дагы эмес. Кантип аскердик делегация келип калды? Ким чакырды? Кимдер менен кызматташып жатат? Кандай макамда келди? Мына ушул боюнча ким болсо ошол кечке чейин жооп берип койсун», — деди Мадумаров.

Президенттин жана минкабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутатка бул маселени тактап туруп маалымат берерин айтты.