Депутат Нарматова жети миллионунчу кыргызстандыктын энесин төрөткөн медиктерди сыйлоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жети миллионунчу кыргызстандыкты жарык дүйнөгө алып келген энени төрөткөн эки медайымга сыйлык берүү керек деп эсептейт. Ал бул сунушун парламенттин 20-октябрдагы жыйынында айтты.

«Айжаркын кызыбыз жети миллионунчу балабызды төрөп берди. Ошол Жакшылык балабызды төрөткөн медицина кызматкерлерине — акушер-гинеколог Кызгалдак Эшматова менен умай энеси болгон Амина Жолдошевага саламаттык сактоо тармагына “Эмгек сиңирген дарыгер” деген наамды ыйгарууну сунуш кылат элем. Бул дагы дарыгерлерге стимул болот», — деп эсептейт депутат.

Кыргызстандын санын калкы 19-октябрда жети миллионго жеткен.

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны эркек бала. Ымыркай Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келди. Президенттин сунушу менен балага «өлкөгө бакубатчылык алып келсин» деген тилекте Жакшылык деген ат коюлду.

Аны менен катар, Садыр Жапаров ымыркайга бир миллион сомдук депозиттик эсеп ачууну тапшырган.