Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Конгантиевди сынга алды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев борбордун көчөлөрүнүн бирин чек ара чырында баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун атынан атай албаганы үчүн шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевди сынга алды.

Анын айтымында, шаардык кеңеш Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду «Ардактуу атуул» наамынан ажыратуу маселесин дагы чече албай келет.

«Мен депутат катары, бул иштер Бишкек шаардык кеңешинин колунан келет деп эсептейм [...] Менде спикерге суроо жаралууда. Сиз деги бир нерсе кыла аласызбы? Балким ордуңузду бошотуп, бизге, колунан келе тургандарга бербейсизби?» — деп билдирди депутат.

Аны менен катар, Кадыр Атамбаев шаардык кеңештин спикери «көжөрүп атып 11-кичи райондогу гараждарды түрттүргөндөрдү, курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин тез арада, мыйзамсыз кабыл алгандарды, башкы прокурордун орун басарынын катыштыгы менен, элиталуу курулуш компанияларды суу менен камсыздоо боюнча насыя төлөмдөрүн азайткандарды байкабай жатканын» белгиледи.

Ал эми Атамбаевдин билирдүүсү боюнча Конгантиевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы төрага «ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыкканын» билдирди.

Буга чейин Бишкек мэриясы Тажикстандын элчилиги жайгашкан Кара-Дарыя көчөсүн шейит болгон жоокер Эламан Ураимовдун атына өзгөртүүдөн баш тарткан. Бул чечим жобого ылайык, адам каза болгондон беш жыл өткөндөн кийин гана алардын атын көчөгө ыйгаруу мүмкүн экени менен түшүндүрүлгөн.

Ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду «Бишкектин ардактуу атуулу» наамынан ажыратуу сунушталган. Бирок бул боюнча шаардык кеңеш кандай чечим кабыл алганы кабарлана элек болчу.

Куванычбек Конгантиев деген ким?

Куванычбек Конгантиев — мурдагы башпрокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу, ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин иниси. Ал Бишкек шаардык кеңешинин 26 жана 27-чакырылышында «Кыргызстан» жана «Республика» партияларынан депутат болгон.

Депутат Конгантиев дзюдо боюнча Борбор-Азия чөлкөмүнүн директору жана Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти.

Тема боюнча:

Экс-министр Конгантиевдин иниси Бишкек шаардык кеңешке төрага болду