Талас-Суусамыр жолунда унаа өрттөнүп, жубайлар каза болду

Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунда «Деу-Нексия» үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп, андан соң өрттөнүп кетти. Унаада бара жаткан 65 жаштагы киши жана 62 жаштагы аял кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 19-октябрда, саат 11:42 чамасында болгон. Маркум жубайлар Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын тургундары экени айтылды.

Милициянын басма сөз кызматынан авариянын чоо-жайы иликтенип жатканын кошумчалашты.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болгон, анын 79у жаш балдар.

Өспүрүмдөрдүн катышуусунда 1 379 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырганда 4,8%га төмөн — былтыр 9 айда 83 өспүрүм каза болгон.

Акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.