Талас облустук милициясынын кызматкери башына ок жеп каза болду

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн жетекчиси башына ок жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда баш сөөгүнө кирип кеткен октун кесепетинин мээси жабыркаган 50 жаштагы кишип Талас шаардык ооруканасына түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери маркум облустук милициянын подпалковниги экенин аныкташкан. Бул факты милициянын электрондук журналына каттоого алынган.

Тергөөгө чейинки териштирүү учурунда маркум 2022-жылдын 14-октябрынан бери шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна «III даражадагы өтө жогорку коркунучтуу гипертоникалык оору» диагнозу менен ишке жараксыз деген баракча ачтырганы белгилүү болгон.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептери такталып, тергөө иштери жүрүп жатат.