Кадамжайда шектүүлөрдү кармоо учурунда бир киши каза болуп, үч милиционер жабыркады

Баткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланы өлтүрүүгө шектелгендерди кармоо учурунда эки киши каршылык көрсөтүп, атышуу болду. Шектүүлөрдүн бири октон мерт кетти. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда Кадамжай районуна караштуу Сарыбай айылынын тургундары милицияга жаңы курулуп жаткан мечиттин чатарында куралчан эки киши жашырынып жатканын кабарлаган.

Шектүүлор жерине барган милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, тоо тарапка качкан. Натыйжада үч милиционер жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Шетүүлөрдүн бири колго түшүп берсе, экинчиси ок атууну токтотпой, акырында башына ок жеп каза болгон. Кармалган 19 жаштагы жигит шериги менен кылмыш жасаганын моюндаган.

«Окуя болгон жерди кароо учурунда, курал, ок-дарылар жана ок жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошун) табылып, далил катары алында. Тергөө уланууда», — деп белгилешти милициядан.

18-октябрь күнү Кадамжай районундагы жашоочунун үйүнө белгисиз кишилер куралдары менен кирип, эс алып жаткан 61 жаштагы кишини көкүрөккө жана бетке аткан. Ал эми анын 29 жаштагы уулун башка атып, 59 жаштагы аялын балта менен башка чапкан.

Шектүүлөр үй-бүлөнүн мал сарайын өрттөп, короодо турган Honda CR-V унаасын өрттөөгө аракет кылышкан. Андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен. Ок жеген ата-бала жеринде каза тапкан. Ал эми аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Тема боюнча:

Кадамжайда белгисиз адамдар үй-бүлөгө кол салып, эки адам каза болду