Кыргыз-казак чек арасында кызмат өтөгөн жоокер башына ок тийип, ооруканага түштү

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» өткөрмө бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы жоокер башына ок тийип, ооруканага түштү. Бул тууралуу 22-октябрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Билдирүүдө курал кылдатсыз пайдаланылганы үчүн атылып кеткени айтылат. Учурда жоокер эсине келе элек, анын абалы оор деп бааланууда.

Чек ара кызматынан бул фактыны Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын кошумчалашты.

Ал эми аскердин тууганы Кундуз Миңбаева «Клоопко» операция Кара-Балта шаарындагы ооруканада жасалганын, бирок дарыгерлер жоокердин башындагы окту чыгара алышпаганын билдирди.

Ошондой эле, ал тууганы өзүн-өзү атып алды деген маалымат далилсиз экенин белгиледи.

«Бизге “ал жалгыз болчу, өзүн-өзү атып алган” деп айтышты. Бирок өзүнө ок чыгарууга эч кандай себеп жок болчу. Чек арада камералар бар. Бирок алар турган жерде камера жок деп айтышты. Баары бизден жашырып жатышат», — деди Минбаева.

Ошол эле күнү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн жетекчиси башына ок жеп каза болгон. Милиция анын өлүмүнүн себептерин иликтеп жатканын айткан.

Каза болгон жана сабалган аскерлер

Үстүбүздөгү жылы аскерде кызмат өтөгөн жоокерлердин өлүм учурлары бир нече жолу каталды. 17-августта, Ош ШИИБдин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насировдун айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес. Жоокер жүрөк оорудан каза болгону жана толук изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгары кабарланган.

Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.