«Тараптар элдешти». Табарсыгы жарылганча сабалган ӨКМдин жоокери боюнча иш токтотулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Бекзат Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш иши токтотулду.

Биринчи май райондук сотунан мындай чечим 8-августта кабыл алынганын белгилешти. Кылмыш ишинин токтотулушун тараптардын «элдешкени» менен түшүндүрдү.

«Кармалган киши анча оор эмес кылмышка айыпталып жаткан. Сот отурумунда жабырлануучу тарап элдешип алганын, материалдык чыгым өндүрүлгөнүн белгилеп, ишти териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан», — деп айтылат соттун маалыматында.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» Аскер прокуратурасы соттун чечимин алган соң анын мыйзамдуулугун текшерип, кайрадан даттануу маселесин карай турганын белгиледи.

«Түнү менен сабашкан»

1-июнда ӨКМдин жоокери Бекзат Эсенбеков аскер бөлүгүндө сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн. Анын туугандары Эсенбековду аскер бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу «катуу сабаганын» айтып чыгышкан.

Жоокердин атасы уулунун сабалышы боюнча прокуратурага арыз жазган. Аскер прокуратурасы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен иш козгоп, шектүү Төрөбай Жаныбек уулу кармалган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Эсенбековдун сабалганына байланыштуу аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баарын кызматынан убактылуу четтеткен. Министрликтен жоокердин сабалышына күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишендиришкен.

Сабалган жана каза болгон аскерлер

Буга чейин, июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Жоокердин туугандары баласы өзүн өзү өлтүргөнүнө ишенбей, Коргоо министрлигине нааразы болушкан.

Июль айынын аягында Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесин кайтарган жоокер Калыс Абдыкабылов октон каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы жоокер өзүнө бекитилип берилген куралдан ок чыгарганын айтышкан, бирок туугандары жоокер «өзүн өзү атып алды» деген жүйөөгө ишенбейт.

Мындан улам акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.

Аны менен катар топтун мүчөлөрү бул тармактагы укуктук нормаларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында улуттук жана эл аралык мыйзамдарды карап, аларды практикалык колдонууну үйрөнүшөт.

Тема боюнча:

«Түнү менен сабаптыр». ӨКМдин жоокерин табарсыгы жарылганча сабоого шектелип прапорщик кармалды

«Фельдшерге да чара көрүлөт». Жоокердин сабалышы боюнча алты киши иштен убактылуу четтетилди