Канат Исаев 2017-жылы козголгон иштен улам камакка алынганы айтылды

Маалымат 13:45те жаңыланды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишине байланыштуу камакка алынды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы саясатчы 23-ноябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилгенин белгиледи. 

Маалыматка ылайык, экс-депутатка карата 2018-жылдын 1-октябрында эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу бөгөт чарасы колдонулган. Бул ирет УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлдү. Ошентсе да соттон кылмыш иши жашыруун гриф менен каралууда деген жүйөө менен чоо-жайын айтуудан баш тартышты. 

Саясатчынын туугандарынын айтымында, Исаевди 23-октябрда УКМКга суракка чакырышкан, бир нече сааттан кийин кармалганы белгилүү болгон

Канат Исаевге 2017-жылы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш иши козголгон. 

Белгилүү болгондой, Исаев 22-октябрь күнү түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү.

Активист, саясатчыларды кармоо

Буга чейин ИИМ бир катар саясатчыларды жана активисттерди эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Министрлик «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Бул иш боюнча 23-октябрда аталган иште фигурант делген активист жана айрым саясатчылардын үйүндө тинтиүү жүргүзүлгөн.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган», — деп билдиришкен министрликтен.

Кармалгандардын баары мурдараак Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындашкан. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.