Ош: Зомбулуктун алдын алуу жана жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Ош шаарында 25-октябрда үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу «Клоопко» депутат Динара Ашимованын жардамчысы билдирди.

Анын айтымында, долбоорду Ашимова демилгелеген. Негизги максат — зордукчуга карата жазаны күчөтүү менен зомбулукту токтотуу.

«Кылмыш-иштери мындан ары токтотулуп кыскартылбайт, жарашуу да болбойт. Жазалар бир гана физикалык зомбулукка эмес, моралдык, экономикалык зомбулукка да каралат. Аялына акча бербей, иштетпегендерге да жазалар каралат. Учурда бул мыйзамдар коомдук угууда. Аймактарга жеткирилип, андан соң Жогорку Кеңештин бир катар угууларынан өтөт», — деп билдирди Ашимова өзү талкуу учурунда.

Тегерек столго Оштогу кризистик борборлордун жетекчилери, укук коргоочулар, шаардык кеңештин депутаттары жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары катышты. Мыйзам долбоору боюнча алардын сунуштары угулду.

Токтобогон үй-бүлөлүк зомбулук

Алтынчы чакырылыштын депутаттары 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Ага ылайык, үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу жабырлануучулар гана эмес, күбөлөр дагы кабарлай ала турган болгон.

Анткен менен Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө бойдон калууда. 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Amnesty International эл аралык укк коргоочу уюму 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы - 0555281423;

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694 550;

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383 637;

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору — Каракол шаары 0702 223 535, 0551 733 390.