Активист Марат Баязов күбө катары милицияга сурак берип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармакта Клара Сооронкулованы массалык башаламандыкка уюштурууга даярдануу боюнча жоопко тартуу чечими тараган. Бул документте Баязов Сооронкулованын «шериктеши» катары көрсөтүлгөн.
Активист жана саясатчылардын кармалышы
ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.
Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.
Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.
24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.
Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.