Анарбековдун апасы ДНК-анализдин жыйынтыгына ишенбей турганын билдирди

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековго тиешелүү делген сөөктүн ДНК-анализи чыкты. Бул тууралуу анын апасы Сауле Иманалиева өзүнүн фейсбук барагында билдирди.

Иманалиеванын айтымында, анализдин жыйынтыгы Анарбековго 99% дал келет деп чыккан. Анткен менен Иманалиева буга ишенбей турганын билдирди — ал экспертиза өткөрүүдө бир катар бузуулар болгонун белгиледи.

Иманалиева төмөнкүлөрдү келтирди:

1. Генетикалык текшерүү үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрүн алуу туура эмес өткөн. 21-сентябрда атасынан кан алынган, 6-октябрда текшерүүгө жөнөтүлгөн. Канды сактоо мөөнөтү 3 күндөн ашпоо керек;

2. Митохондриялык ДНК энеден алынат, бирок менден алышкан эмес;

3. Анализдин конвертин ачуунун жол-жобосу сакталган эмес. Тагыраагы, конверт ачык болгон. Аны туугандарынын, жакындарынын катышуусунда ачышы керек болчу;

Мындан сырткары эне ага аскер кызматкери жана белгисиз аял «уулунун каза болгонун көргөнүн айтышып», аны «ынандырууга аракет кылышканын» билдирди.

«Жыйынтыктарга макул болбой жатканым үчүн менин келесоо экенимди айтышты. Алар бир айдан ашык убакыт бою унчукпай эмнеге отурушту? Жыйынтык чыгаары менен кайдан пайда боло калышты? Ага чейин мени менен кантип байланышууну билбей жүргөнүн билдиришип, акылга сыйгыс нерсени айтышты» , — деди ал.

Иманалиева буга байланыштуу көз карандысыз экспертиза жасатууга камынып жатканын белгиледи.

Буга чейин УКМК куралдуу жаңжалдан кийин бронежилет кийген аскердин сөөгүнүн калдыктары табылганын билдирген. Мекемеден ал дайынсыз жоголгон 21 жаштагы лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн экенин айтышып, ДНК-анализ дайындалган.

Дайынсыз жоголгон Дастан

Баткендеги «Достук» чек ара заставасында кызмат өтөгөн лейтенант Дастан Анарбеков 16-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Анын апасы Сауле Иманалиева бийликтен уулун табууга жардам сураган.

Иманалиеванын айтымында, уулу Дастан Талас облусунун Аманбаев айылында туулуп-өскөн. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, ушул жылдын июлунда Баткен облусуна аскердик кызмат өтөөгө кеткен.

Ал апасы менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу башталган биринчи күнү байланышып, аларда «баары жакшы» экенин айткан.

16-сентябрда, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кеткенде, Иманалиева уулуна чалып, бирок байланыша алган эмес — аскердин телефону өчүк болгон.

Ал эми 17-сентябрда Аманбаев айыл өкмөтүнөн келишип, «жоокер каза болду» деген кабарды угузушкан. Бирок анын сөөгү келген эмес, ал каза болгондордун тизмесинде аты жазылган эмес.

Бирок аскердин энеси уулум тирүү деген үмүттө. Ал «балким туткунга түшүп калган, же жарадар болуп бир жерде жатат» деп божомолдоп, бийликтен аны табууга жардам берүүнү суранган.

Аскердин апасы Тажикстандын аймагынан көргөндөр бар деген маалыматты жүйө келтирип, Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине кайрылуу жолдогон.

Ал эми бийлик жоокер куралдуу кагылышууда каза болгонун айтууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Аскердин сөөгүнүн калдыктары табылды, ал Дастан Анарбековго таандык болушу ыктымал