УКМК: Аскердин сөөгүнүн калдыктары табылды, ал Дастан Анарбековго таандык болушу ыктымал

Дастан Анарбеков

Чек ара кызматы Баткендеги куралдуу жаңжалдан кийин бронежилет кийген аскердин сөөгүнүн калдыктары табылганын билдирди. Мекемеден ал дайынсыз жоголгон 21 жаштагы лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Маалыматка караганда, сөөктүн 90%дан ашыгы жабыркагандыктан анын өздүгүн дароо аныктоого мүмкүн болгон эмес. Ал эми соттук-медэкспертиза ал Анарбековго таандык болушу ыктымал экенин аныктаган.

Бирок аскердик туугандары экспертиза менен макул болгон эмес. Мындан улам ДНК тест жүргүзүү үчүн керектүү материалдар Казакстанга жиберүү үчүн даярдалды.

Чек ара кызматынан ДНКнын жыйынтыгы каза тапкан аскердин жакындарына маалымдалаарын белгилешти.

Дайынсыз жоголгон Дастан

Баткендеги «Достук» чек ара заставасында кызмат өтөгөн лейтенант Дастан Анарбеков 16-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Анын апасы Сауле Иманалиева бийликтен уулун табууга жардам сураган.

Иманалиеванын айтымында, уулу Дастан Талас облусунун Аманбаев айылында туулуп-өскөн. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, ушул жылдын июлунда Баткен облусуна аскердик кызмат өтөөгө кеткен.

Ал апасы менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу башталган биринчи күнү байланышып, аларда «баары жакшы» экенин айткан.

16-сентябрда, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кеткенде, Иманалиева уулуна чалып, бирок байланыша алган эмес — аскердин телефону өчүк болгон.

Ал эми 17-сентябрда Аманбаев айыл өкмөтүнөн келишип, «жоокер каза болду» деген кабарды угузушкан. Бирок анын сөөгү келген эмес, ал каза болгондордун тизмесинде аты жазылган эмес.

Бирок аскердин энеси уулум тирүү деген үмүттө. Ал «балким туткунга түшүп калган, же жарадар болуп бир жерде жатат» деп божомолдоп, бийликтен аны табууга жардам берүүнү суранган.


ТЕМА БОЮНЧА:

«Күйүп кеткен бронежилетти беришти». 21 жаштагы аскердин апасы уулун табууга жардам сурайт