Кыйноолорду алдын алуу борбору: Ош облустук психиатрия ооруканасында бейтапты сабашкан

Ош облустук психиатрия жана наркология ооруканасындагы бейтаптардын тартип сакчысы тарабынан сабалган окуя иликтенүүдө. Бул тууралуу Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, улуттук борбордун кызматкерлери бейтаптын сабалганы боюнча маалыматты текшерүү жана изилдөө үчүн медициналык мекемеге барышкан. Аталган борбордун адистери бейтап аялдын денесинде ур-токмоктун белгилерин аныкташкан.

«Анда жабырлануучу менен баарлашуу болду. Мындан тышкары, анын жакындарынын катышуусунда визуалдык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында анын бети шишип, эриндери көгөрүп калганы катталган. Жабыркаган бейтаптын жакындары катаал мамиленин далилдери боюнча тиешелүү арыз жазышкан», — деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынан жабырлануучунун туугандары жазган арыздын негизинде бейтап соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Жыйынтыктар алынгандан кийин Стамбул протоколу — кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазалоону документтештирүү жана натыйжалуу иликтөө боюнча колдонмо — толтурулат», — деп кошумчалашты мекемеден.

Мындан сырткары, борбордон тиешелүү документтер прокуратурага жөнөтүлөт деп белгилешти.

Буга чейин үстүбуздөгү жылдын октябрь айында укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында майыптыгы бар кыз милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу баш мээсинен жаракат алып, денеси көгала болгон абалда облустук ооруканага жаткырылган.

Бирок облустук милиция бул маалыматты четке кагып, окуя болгон күнү аял мас абалында жаңжал чыгарганын билдирген.