Сот активист жана саясатчылардын бөгөт чарасын таң атканча караганынын себебин түшүндүрдү

ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камалгандардын бири — укук коргоочу Рита Карасартова.

25-октябрга караган түнү массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган саясатчылар менен активисттердин бөгөт чарасы дээрлик таң атканча каралган. Биринчи май райондук соту мунун себебин түшүндүрүп, бул «мыйзамга ылайык болгонун» билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, Жазык-процессуалдык кодексинин 106-беренеси боюнча материал сотко түшкөндөн тартып 5 сааттын ичинде иш каралышы керек.

«Эгер материал түнкү убакта келип түшсө, тергөө судьясы ишти кийинки күнгө калтырбай мыйзамда белгиленген убакытта кароого милдеттүү», — деп белгилешти соттон.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды