1-майдан тартып өлкөдөн алтын рудасын жана концентрат ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынат

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тарта өлкө аймагында өндүрүлгөн курамында алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентранттарды ташып чыгарууга (экспорттоого) тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Тиешелүү жардыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Убактылуу чектөө алты айга созулат. Андан соң минбка, 2013-жылдын 1-ноябрынан тарта, ар алты ай сайын чектөөнү узартып турат.

Президенттин администрациясынан «Клооптун» журналистине экспортко чектөө атамекендик алтынды кайра иштетүүчү заводдордо чийки заттын тартыштыгы жаралбашы үчүн киргизилип жатаканын айтып түшүндүрүштү.

«Ошондой эле жарлык курамында пайдалуу заттар көп болгон минералдык кен байлыктарын байытуу продукцияларын коргоо, баалуу металлдарды камтыган чийки затты кайра иштетүүдө атамекендик өндүрүштү колдоону максат кылат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Буга кошумча администрациядан чектөө эмне үчүн андан аркы узартуу шарты менен алты айга киргизилгенин түшүндүрүштү.

«Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕАЭК) талаптарына ылайык, алты айга чейин гана чектөө салганга болот. Ошондуктан минкабга ар алты айда узартып туруу тапшырмасы берилди. Келечекте, эгер минкаб аны узартпай турган болсо, анда ал күчүн жоготот», — деп белгилешти администрациядан.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүү үчүн өзгөчө укук берилет.