40 күн. Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондорго багышталып куран окулду

14-17-сентябрдагы куралдуу жаңжалда 63 адамдын курман болгонуна 40 күн толду. Буга байланыштуу 26-октябрда Баткенде алар эскерилип, куран окутулду.

Облустук администрациядан билдиришкендей, эскерүү иш-чарасына каза болгондордун жакындары, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарада облус башчысы Абдикарим Алимбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабырдуулук каалаган.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.