Адвокат Канат Хасанов кафеде отурган орундугунан тыңшоочу аппарат табылганын билдирди

Адвокат Канат Хасанов ар дайым келип жүргөн кафесинде отургучунун астынан тыңшоочу аппарат табылганын билдирди. Бул тууралуу ал 28-октябрда өзүнүн фейсбук барагында кабарлады.

«Мен бир жылдан бери бир гана кофейняда, бир гана орунда отурам. Бардык жолугушуулар ушул жерде өтөт. Бул жердин камерасындагы жазуулар күч түзүмдөрүнө жетээрин билген үчүн да принципиалдуу түрдө ушул жерде отурам. Менин жашыра турган нерсем жок, позициямды түз эфирде ачык билдирип келем», — деп жазды ал.

Хасанов ИИМ тарабынан кармалган журналист Эрлан Бекчороев менен жарандык активист Атай Бейшенбектин укугун коргойт. Мындан сырткары ал мыйзамсыз көрүнүштөрдү сынга алып, пикирин ачык билдирип келет.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрда «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйлөрүн тинтүүгө алып, аларды кармады. Ал эми сот аларды эки айга камакка алды.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми 27-октябрда Москва шаарында жүргөн активист Илгиз Шаменов жана мурдагы депутат Орозайым Нарматова кармалып, Кыргызстанга алынып келе жатканы белгилүү болду.

Жапырт кармалгандардын жакындары президентке кайрылып, ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранышты. Ал эми жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мыйзамды бузбагыла». Жапырт кармалгандардын жакындары президентке кайрылышты

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр