Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр

Активист Илгиз Шаменов 28-октябрда бийлик буга чейин мурдагы депутат Орозайым Нарматова экөөнө курал-жарак колдонуп «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козгоп, эл аралык издөөгө алганын маалымдады.

Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарматова экөөнү «өзгөчө коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратканын белгиледи.

«Силерден качкан эчким жок, кел деп официально чакырсанар деле бармакмын… Орустар саясий коргоого алалы деп сунуш кылышты, мен каршы болдум. Элим жерим үчүн, Кемпир-Абад, Жетим-Тоо үчүн түрмөгө татыктуу отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм», — деди ал.

Активист азыр Орусиянын аэропортунан Бишкекти көздөй учуп жатканын белгилеп, Кыргызстандын сааты менен 15:00дө өлкөгө келип конорун кошумчалады.

27-октябрда мурдагы депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланган.

Ага чейин ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчыны кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Сот аларды эки айга камакка алган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова деген ким?

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келет. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чект өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Жапаров бийликке келген учурда активист айым Жапаровдон көңүлү калганын билдирген.

Ал Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип, кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Нарматова 2021-жылдын 10-сентябрында таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалган. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жаткан болчу.

Анда ИИМден активист бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп ачык эле айтышкан. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этностук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Илгиз Шаменов деген ким?

Илгиз Шаменов активист жана жеке ишкер катары белгилүү. Ал мурда Бишкек шаардык кеңешине «Социал-Демократтар» партиясынан депутат болгон.

Акыркы учурда ал соцтүйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду сындаган. Ошондой эле ал Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы чыккан.

Август айынын башында Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген. Шаменовдун айтымында, атайын кызмат анын коррупция тууралуу айткандары боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен Айыл чарба министрлигин текшермек болгон.

Кийинчерээк «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат бар экени айтылып, граната Илгиз Шаменовдун унаасынын алдынан табылган. Бул окуядан кийин активист Орусияга чыгып кеткен.

Тема боюнча:

Мурдагы депутат, активист Орозайым Нарматова Москвадан кармалганы айтылды

Бишкектеги «Азия Молл» курчоодо. Активист Илгиз Шаменов унаасынан граната табылганын айтууда