HRW: «Азаттыкты» бөгөттөө — көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлдөөнүн ачыктан-ачык аракети

Human Rights Watch укук коргоо уюму

Кыргыз бийлиги массалык маалымат кызматтарына бөгөт коюу менен көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлгө алууга жана цензураны киргизүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу Human Rights Watch уюмунан билдиришти.

Маданият министрлиги 26-октябрда «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган. Буга басылманын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу «анык эмес маалымат таратканы» себеп болду деп белгилешкен.

Министрликтин буйругу 2021-жылы августта кабыл алынгандан бери олуттуу сын-пикирлер айтылып келген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде чыккан.

«Чыр-чатак учурунда эки тараптан тең маалыматты чагылдырып берүү стандарттуу журналисттик практика болуп эсептелет. “Азаттыкты” бөгөттөө — өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, өзгөчө сөз эркиндигине жана ММКнын эркиндигине шек келтирүү менен Кыргызстандагы көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлдөөнүн жана цензуранын ачыктан-ачык аракети», — деди уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүнө ылайык, «Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү 13-октябрда редакциянын алдында өткөн нааразылык акциясынан кийин болгон. Акциянын катышуучулары ММКларды жабууну, ошондой эле ЖКнын депутаты Надира Нарматова демилгелеген «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.Media’ны жабууга чакырган петицияга кол коюу сунушун колдоп чыгышкан.

«Кыргызстан көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуунун ордуна, тескерисинче колдоо көрсөтүшү керек. Бийлик сунуш кылынган түзөтүүлөрдү кайтарып алуу менен бул фундаменталдык адам укугун көзөмөлдөө аракеттерин дароо токтотушу керек. Ошондой эле өлкөдөгү бардык эркиндиктерди жана адам укуктарын сыйлоого милдеттенмесин аткарышы керек», — деп белгиледи Сыйнат Султаналиева.

Сөз эркиндигине басым көрсөтүү

Буга чейин Маданият министрлиги «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде «Республика» гезитинин сайтын бөгөттөп салган, ошондой эле жалган маалымат боюнча арыздан кийин 24.kg маалымат агенттигинин сайтын бөгөттөөгө аракет кылган. Кийинчерээк сайт бөгөттөн чыгарылган.

Президенттик аппарат 28-сентябрда «Сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланган» үчүн жазалоону караган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун коомдук талкууга койгон.

27-октябрда Кыргызстандын медиа коомчулугунун ондогон өкүлдөрү бийликке сөз жана ММКнын эркиндигине болгон ар кандай кысымдарды тез арада токтотууга жана «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын жокко чыгарууга чакырган ачык кайрылуу жарыялашкан.

Ошол эле күнү активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги «Азаттык» үналгысынын алдында жалгыз пикет өткөрүп, бийликтин үналгыны бөгөттөө чечимин «кылмышка тете» деп сыпаттаган.

Ал эми «Азаттыктын» президенти Жейми Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

Юрист Сания Токтогазиева үналгыны бөгөттөө чечимин сынга алып, министрлик ыйгарым укугунан аша чапканын айткан.

Ал эми 28-октябрда АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Нед Прайс басылманын сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө «терең тынчсызданып» жатканын билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты

АКШнын Мамдепартаменти «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнөн улам «тынчсызданганын» билдирди

Юрист Токтогазиева: Маданият министрлиги ыйгарым укугунан аша чаап «Азаттыкты» бөгөттөгөн