Юрист Токтогазиева: Маданият министрлиги ыйгарым укугунан аша чаап «Азаттыкты» бөгөттөгөн

Сания Токтогазиева

Юрист Сания Токтогазиева 27-октябрда Маданият министрлигинин «Азаттык» үналгысын бөгөттөө чечимин сынга алып, министрлик ыйгарым укугунан аша чапканын билдирди. Бир күн мурда «Азаттыктын» сайты эки айга бөгөттөлгөн болчу.

Мындай чечим «Калкты жалган маалыматтардан коргоо» мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган.

Юристин айтымында, бул мыйзамдын 3-бөлүгүнө ылайык, арыздануучу катары «ишенимдүү эмес [жалган] маалымат» ага каршы таратылып, анын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик кадыр-баркына шек келтирген деп эсептеген адам болушу мүмкүн.

Мындай учурда арыз ээси сайттын ээсине же интернеттеги веб-баракчасына жүктөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде жалган маалыматты алып салуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Токтогазиева эгер сайттын ээси ошол жалган маалыматты өчүрүүдөн баш тартса, анда арыз ээси маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө же электрондук түрдө кайрылууга укуктуу экенин белгиледи.

«Ошентип, алдын ала маалымат боюнча (ЖМКнын маалыматына ылайык) Маданият министрлиги өзү арыздануучу болуп калды. Элестетсеңиз, Маданият министрлиги өзү арызданып, өзү эле сайттын ишин убактылуу токтотту. Бул эмне деген башаламандык? "Азаттык" […] видеоматериалында министрликтин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик кадыр-баркын кордогон жалган маалыматты кантип жайылтты экен?» — деп сурады юрист.

Ошондой эле, Токтогазиева Маданият министрлигинин «Азаттыкка» карата жасаган аракеттери сынга «туруштук бере албайт» деп айтып, бул аракетин «зээнсиз, мыйзамсыз жана чектен чыккан өзүмбилемдик» деп сыпаттады.

Мындан сырткары, юрист министрлик өзүнүн «терисин сакташ» үчүн арыздануучуну арткы число менен тапса, таң калбасын кошумчалады.

«Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтин маалыматында, буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылат.

Кеп «Азаттыктын» «Учурдагы убакыт» кызматы жарыялаган «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш| Азия» аттуу видеоматериал тууралуу болуп жатат.

Анда журналисттер Тажикстандын мамлекеттик органдары тараткан кагылышуунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришкен.

Ал эми «Азаттык» билдирүү таратып, министрлик аларга бөгөттөө жөнүндө кат жолдогонун тастыктаган. Радионун президенти Жейми Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз», — деген ал.