Кыргызстандык аял Индиядан төрт алтын куймасын мыйзамсыз алып өтүүгө шектелип кармалды

27-октябрда кыргызстандык аял 7,5 килограмм алтын куймаларын мыйзамсыз алып өтүүгө шектелип Нью-Делидеги Ганди аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ommcom News басылмасы маалымдады.

«Кийип жүргөн корсетине атайын чөнтөк жасап, төрт алтын куймасын алып өтүүгө аракет кылган. Ал кармалган соң алтындын тиешелүү документтерин көрсөтө алган жок», — деп басылма бажы кызматкерине таянып жазды.

Аялга карата «аткезчилик» боюнча кылмыш иши козголду. Жергиликтүү сот аны 14 суткага камакка алды.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган аял кыргызстандык экенин тастыктады.

«Элчилик Индиянын жооптуу кызматтары менен чогуу кармоонун жагдайларын тактоо жана зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө болот», — деп ишендиришти ТИМден.