Орусия: Сот 7 миллион рубль таап алды делген кыргызстандык аялды 2 жыл 6 айга кести

Айыпталуучу

Орусиянын Новосибирск шаарындагы Октябрь райондук соту 7 млн рубль уурдады деген шек менен кармалган кыргызстандык аялды күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айыптоочу тараптын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 4-ноябрында таңга маал айыпталуучу Добролюбов көчөсүндө жайгашкан №1 үйдүн жанындагы тротуардан «ишкердин акчасы салынган баштыкты уурдап, качып кеткен».

Анын ичинде ​​7 млн рубль болгону, ал эми баштыктын өзү 8 миң рублга бааланганы айтылат. Бирок 45 жаштагы кыргызстандык айыпталуучу «баштыкта акча болбогонун» билдирген.

Соттолуучу 27-октябрда «Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук» боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ал эми кыргызстандык аял күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бул иш боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Учурда Орусияда 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусияда миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган 19 кыргызстандык абактан бошотулду