ТИМ: Сеулда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Түштүк Кореяда майрам учурундагы тыгында каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 30-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик мындай маалыматты Түштүк Кореянын Йонгсан райондук полициясына таянып билдирди.

Сеулда 30-октябрга караган түнү Хэллоуин майрамын белгилөө учурунда массалык тыгын болуп, анын кесепетинен 153 адам каза болуп, 82 адам ар түрдүү жаракат алды. BBC News басылмасы кеминде 20 чет элдик жаран тепселендиде калып жан бергенин жазды.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл кырдаал турукташканга чейин улуттук аза күтүү күнүн жарыялады. Шашылыш жыйындан соң ал жарадарларга жардам көрсөтүү үчүн ыкчам топ түзүү тапшырмасын берди.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кореянын президентине каргашага байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын, ачуусун тең бөлүшөм», — деди өлкө башчысы.

Башкы беттеги сүрөт: BBC News