Садыр Жапаров Араб Эмираттарына кетти — бул ирет жеке учак жалдаган жок

Президент Садыр Жапаров 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Даби шаарына келди. Бул ирет президент Кыргызстандын расмий делегациясын ташыган ТУ-154 учагын колдонду. Маалыматты «Клоопко» президенттин басма сөз кызматы тастыктады.

Президенттин администрациясы Жапаровдун БАЭнин борбор калаасына келгенинин сүрөттөрүн жарыялады. Ал жактан президенттин борту Абу-Дабинин эл аралык аэропортуна келип конгонун белгилешти.

«Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деп билдирди президенттин администрациясы.

27-октябрда президент Садыр Жапаров иш сапары Астана шаарына барган. Анда Temirov Live’дын журналисттери өлкө башчысы сапары үчүн Embraer Legacy 600 жеке бизнес-джетти колдонгонун аныкташкан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров Астанага жеке бизнес-джет менен барганын «Клоопко» тастыктаган. Ал компания бортту акысыз бергенин белгилеген.

«Биз учурда аталган борттордун бирин лизингге сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Биз бул мүмкүнчүлүктү биргеликте караштырып жаткан компания бортту бизге Астанага акысыз берди. Биз болгону май куюуга чыгым болдук. Жакын арада борттордун бирин сатып алуу боюнча чечим кабыл алынат», — деди ал.

Бул президенттин эл аралык иш сапарларга деп жеке учакты ижарага алган биринчи учур эмес. 2021-жылдын 31-октябрында Садыр Жапаров делегациясы менен БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн Embraer Lineage 1000 жеке учагы менен барган. Бул аба транспорттун ижарасы ошол учурда 12 миң еврону түзгөн.

Анда Президенттик администрациядан мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган деп билдирген. Себеби учак Европа биримдигинин жана Улуу Британиянын «техникалык нормаларанына жооп бербейт» — эл аралык талаптарга шайкеш келбейт.

2022-жылдын сентябрында Жапаров АКШга Bombardier Global Express XRS жеке бизнес-джет менен учуп барган. Болжолдуу эсеп боюнча делегациянын барып келиши дээрлик 200 миң еврону түзгөн.

Анда Султанбаев Кыргызстан чет өлкөлүк сапарларга деп жаңы учак сатып аларын билдирген.

«АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады. Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган», — деп жазган басма сөз катчы.

24.kg басылмасына берген интервьюсунда Эдил Байсалов самолетту ижарага алуу үчүн каражат бюджеттен бөлүнгөнүн билдирген.

«Биз “жакырчылык синдрому” менен биротоло коштошуп, күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруп жатабыз», — деген ал.