Азия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык коргоого 50 млн доллар берет

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Министрлер кабинетине азык-түлүк коопсуздугун колдоого жана жарандарды социалдык жактан коргоого 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу 1-ноябрда банктын басма сөз кызматы кабарлады.

АӨБдүн «Активдүү антициклдик чыгашалар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу» (BRACE) программасы минкабдын айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө, социалдык коргоо системасын кеңейтүүгө, жумуш орундарын, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган антикризистик иш-чаралар планын каржылай турганы белгиленет.

«Өлкөдө фискалдык мейкиндик чектелүү болуп турганда бул программа колдоо тапканын көрүп кубанычтабыз. Программа өкмөткө инфляциянын терс таасирин жеңилдетүүгө, баалардын туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун колдоого, анын ичинде калктын аялуу катмарында жакырчылыктын тереңдешине жол бербөөгө жардам берет», — деди АӨБдүн Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков.

Бөлүнө турган 50 млн доллардын жарымы гарант, калганы кредит экени белгиленет. Ошондой эле, АӨБ минкабга «өкмөттүн программаны ишке ашыруу боюнча потенциалын жогорулатуу, анын ичинде мониторинг жана баалоо системасын бекемдөө үчүн» 400 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтөт.

АӨБ BRACE программасы Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адамга, анын ичинде кирешеси аз, улгайган жана майыптыгы бар үй-бүлөлөргө жардам берерин түшүндүрдү.

Банктан Кыргызстан 1994-жылы АӨБгө кошулганлан бери кредит түрүндө 1,3млрд доллар, грант катары 811 млн доллар жана техникалык жардам долбоорлору катары 69 млн доллар алганын кошумчалашты.

Бюджет жыртыгы

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, минкаб 2022-жылдын акыркы эки айы үнөмдөө тартибинде жашайт. Ал сентябрда Тажикстан менен чек арада жаңжал болгондуктан мамлекеттик бюджетте «жыртык» пайда болгонун билдирди. Жаңжалда Баткен облусунда тургундардын жүздөгөн турак жайы кыйраган. Эл өкүлү минкаб Баткен облусунда башталган бардык курулуш иштерин 2023-жылы улантууну убада кылганын дагы кошумчалады.

2022-жылы бюджеттеги тартыштык 9,1 млрд сомду түзөт деп күтүлгөн. Бирок 31-октябрда финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева азырынча бюджеттеги тартыштык 9 млрд экенин, бирок жыл жыйынтыгы менен көбөйүп кетүү коркунучу бар экенин айткан.

Финансы министрлиги 2023-жылы өлкө бюджетиндеги тартыштык 21 млрд 263,2 млн сомду түзөт деп дагы болжоп жатат. Анткен менен өткөн жылдын аягында ведомство 2023-жылы тартыштык 8,1 млрд сом болот деп болжогон эле.