Кемпир-Абадды коргоо комитети Мирзиёевден макулдашууга кол коюуну жылдыра турууну суранды

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдоду. Кайрылуу комитеттин Фейсбуктагы барагына жарыяланды.

Катта комитет Мирзиёевден Садыр Жапаров менен Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууга «бул стратегиялык, өмүрдөй маанилүү суу ресурсунун айланасындагы талаштуу жана көйгөйлүү маселелер бир жаңсыл болуп аныкталмайын» кол коюуну кийинкиге жылдыра тууруну суранды.

«Сиздин акылман жана даанышмандыгыңызга чын дилден ишенебиз, ошондуктан тараптарды Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруунун кесепеттерин жана маселелерин чечүүдө кылдат мамиле кылууга чакырабыз. [...] Кыргызстан менен Өзбекстанды жалпы тарыхый жана боордоштук байланыштар бириктирип турат, биз бул макулдашуу мамилелерге кедергисин тийгизип, жакын эки элдин ортосундагы узакка созулуп кете турган келишпестиктердин башаты болушун каалабайт элек», — деп жазылат комитеттин кайрылуусунда.

Анткен менен комитеттин мүчөлөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда көптөн бери эле күн тартибинде турган жана тез арада чечилүүсүн күтүлүп жаткан чек араны делимитациялоонун талаштуу учурлары бар экенин түшүнүшөрүн айтышат. Бирок, алардын айтымында, макулдашуунун айрым документтери конституциялык ченемдерди одоно бузуу менен сүрөмөлөнүп жатат.

Комитет Кемпир-Абад боюнча маселени талкуулоо жана чечүү үчүн Кыргызстандын бийлиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо коопсуздук жана миграция боюнча тармактык комитетинин болгону эки гана жыйынын өткөргөнүн билдирди.

«Талкуу коомчулуктан жабык тартипте өттү, депутаттарга толук маалымат жана документтер берилген жок. Кийин документтер толук берилбегендиктен Комитеттин жыйынтык чечимине кол коюудан баш тарткан үчүн Комитеттин төрагасын кызматтан алып салышты», — деп билдиришти комитеттегилер.

Комитеттегилер «сөз эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктары тууралуу болуп жаткандыктан эл өз жеринин ээси катары документтердин ачыкталышын талап кылууга толук укугу бар экендигин» баса белгилешти.

«Кыргыз бийлигинин мыйзамсыз жана компетенциясыз аракеттеринин натыйжасында коомчулуктун макулдашууну ачык өткөрүү талабы жарандарды, активисттерди, саясатчыларды жана укук коргоочуларды жапырт кармоого, чек арага жакын айылдардын тургундарын коркутууларга алып келди. 27 активистти жөн жерден эле оор кылмыштарга айыптап жатышат. Бирөөсү издөөгө жарыяланды. Биз бийликтин репрессиялык аракеттерине чечкиндүү түрдө каршыбыз жана чек ара маселелери келечекте жаңы жаңжалдар чыгып кетпегидей кылып коомчулук менен акылдашып талкууланышы керек деп эсептейбиз», — деп жыйынтыктады сөзүн комитет.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашуу

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө жол берген документтерди бир нече аптадан бери карап, талкуулап жатышат.

Аталган талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алышкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүн54ү шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.