Депутат Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялоону сунуштады

Депутат Нуржигит Кадырбеков 2-ноябрда парламент жыйынында президентке кайрылып, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялоону сунуштады.

Эл өкүлү кесиптештеринин алдында сүйлөп жатып алдыда «оор тандоо» турганын белгилеп, нааразылык иретинде профилдик комитеттин суу сактагычты биргелешип башкаруу боюнча чечимине добуш берүүдөн баш тартканын билдирди.

«Кемпир-Абад боюнча ак да дебейм, көк да дебейм, туура да дебейм, туура эмес да дебейм, бирок бир сураныч, жок дегенде 3-4 жылга мораторий жарыялабайлыбы. Анткени бул чечимди кабыл ала турган бизбиз, эртең тарыхта кала турган бизбиз. Барып өз көзүбүз менен көрүп келмейин, документтердин бардыгы менен таанышып чыкмайын, ошонун чындык менен канчалык дал келерин салыштырып чыкмайын чечим кабыл алыш абдан оор экен. Ошондуктан ушунчалык адамдардын жүрөктөрү ооруп жатат, түшүнүп атабы, түшүнбөй жатабы, балким, алардын позиясы туура эместир, бирок канчалаган адамдардын назарынан калып туруп, ушул чечимди кабыл албай эле коёлучу. Мен суранат элем мамлекет башчысынан, ушул өтүнүчүмдү бир карап көрсөңүз», — деди Кадырбеков.

31-октябрда парламенттин тармактык комитети жабык жыйында Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууну жактырган. Буга чейин бийлик суу сактагычты башкаруу боюнча эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрүн айткан. Ага Кыргызстан тараптан 12, Өзбекстан тараптан 12 кишиден турган топ кирет.

Ал эми 10-октябрда ушул эле комитет жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Бул документ боюнча Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 485 гектар жерин Өзбекстанга берет, ордуна башка аймактардан 19 миң гектардан ашуун жер алат.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аталган келишим өлкө үчүн пайдалуу деп көшөрүп жатышат.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Бийликтин Кемпир-Абадды Өзбекстанга калтыруу боюнча демилгеси суу сактагыч жайгашкан Ош облусунда дагы, өлкөнүн ири шаарлары — Бишкек жана Ошто дагы бир нече митингдер менен куралтайлардын өтүшүн шарттаган.

Ошондой эле бийлик 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.