Рита Карасартова: Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү — мен үчүн тарыхый окуя

Укук коргоочу Рита Карасартова абактан кат жазды. Анда ал кармалып турган жердеги шарттары тууралуу айтып, Кемпир-Абад маселесине токтолду.

Карасартова кармалган айымдар аларды бир жерге жайгаштырууну өтүнгөнүн, бирок ар бири ар башка камерага камалганын билдирди.

«А мыйзам боюнча "биз бир кылмышты чогуу уюштургандар" болуп эсептелебиз да. [...] Бири-бирибизди таптакыр көрбөйбүз, ким кайсы камерага киргенин билген жокпуз», — деди ал.

Активист өзү отурган камерадагы айымдар менен таанышып ал жерде да укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жатканын белгиледи.

«Маанайым жакшы! Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү — мен үчүн тарыхый окуя. 5 миңден ашык суугат эки облустун ортосунда жайгашкан стратегиялык жерибиз сатылып кетпеши керек», — деди ал.

Жапырт камоолор

Кыргыз бийлиги 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармады. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген.

Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.

Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп эсептеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Башаламандык өкүм сүрүп жатат». Активист Перизат Суранова абактан кат жазды

Бекем турушат. Депутаттар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарга жолугуп чыгышты