«Башаламандык өкүм сүрүп жатат». Активист Перизат Суранова абактан кат жазды

Активист Перизат Суранова

23-октябрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен кармалган активист Перизат Суранова ТИЗО-1ден кат жазды.

Ал эл аралык уюмдарга жана кыргыз элине кайрылып, өлкөдө «башаламандык өкүм сүрүп жатканын» айтты.

«2021-жылдагы мыйзамсыз конституциялык реформанын натыйжасында түзүлгөн авторитардык система сөз эркиндиги, адам укуктары, коопсуздук жана башка бүткүл дүйнө үчүн өтө маанилүү болгон демократиялык баалуулуктарды жок кылууда. Саясий куугунтук, активисттерди жана саясатчыларды коркутуу, массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блогерлерге болгон кысым, анын үстүнө көз карандысыз басылманын жабылышы — өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык тармактарына терс таасирин тийгизет», — деди ал.

Суранова кармалган активист жана саясатчыларга карата «кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун» белгилеп, абакта «мыйзамсыз» кармалып турганын «адамдын кадыр-баркын басмырлоо» деп эсептеди.

Ошондой эле ал соттор «бийликтин саясий буюртмасын татыктуу аткарып» жатат деген пикирин билдирди.

«Кайрадан активисттерди, саясатчыларды жана блогерлерди жасалма айыптар менен массалык түрдө камап салышты. ИИМге караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын тергөөчүсү Актан Ногойбаев мыйзамсыз түрдө иш козгоп, ал эми уятсыз, сатылма жана “гумандуу” сот кезектеги саясий буюртманы татыктуу аткарды. Ал тургай жашы жете элек үч балам, карыган оорулуу ата-энем бар экенин эске алышкан жок», — деп наарызы болду ал.

Суранова «аймактык бүтүндүккө, чек арага байланыштуу улуттук кызыкчылыкка жана Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине карата билдирген позициясы аны эң баалуу эркиндигинен ажыратканын» айтты. Бирок активист ага карабай «эркин, көзкарандысыз жана коопсуз Кыргызстан үчүн күрөшөрүн» баса белгиледи.

Аны менен катар, активист абактагы шарттар начар экенин жазды. Ал кайра-кайра суратып жатып, бир суткадан кийин шейшептер берилгенин кошумчалады.

Суранова катынын соңунда кыргызстандыктарды жарандык укуктарынан пайдаланып, сөз эркиндиги, адам укуктары, адилеттүүлүк жана демократиянын баалуулуктары үчүн күрөшүүгө чакырды.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Бириккен демократиялык кыймылы 29-ноябрга карата кармалгандардын саны 28 адамга жеткенин маалымдады. Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынгандар:

Бириккен демократиялык кыймылдын маалыматына ылайык, активист Талан Эшалиев үй камагында болсо, Тилекмат Күрөңов издөөгө алынды.

Аны менен катар, тергөөдөгү кылмыштын материалында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун жана депутат Исхак Масалиевдин аты аталганы айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абактан кат: Али Шабдан «толук парламенттик башкарууга өтө турчу убакыт келди» деп эсептейт

«Бекем кучактадым!» Клара Сооронкулова СИЗО-1ден уулун туулган күнү менен куттуктады