Милиция бир күндө, 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине карчы чыккан 20дан ашык кишини кармады. Кармоолор эртеси күнү да уланды. Кийинчерээк сот кармалгандардын көпчүлүгүн эки айга ТИЗОго жөнөттү.
ИИМ камалгандарды «Кылмышка даярдык көрүү» (Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси) жана (КР КЖК 278-бер. 1-пункту, жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталат) «Массалык башаламандык уюштурууга» айыптап жатат.
Кылмыш жаза кодексинин ушул пункту: Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу курал, жардыруучу зат же жарылуучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу деп аталып, жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
Тергөө азырынча кармалгандар массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөнүн, айрыкча, куралдуу кагылыш даярядалып жатканын айгинелеген бир дагы далил бере элек. Анткен менен мамлекеттик ЖМК жана соцтүйүндөрдөгү бийликчил барактар кармалгандардын кээ бири митинг уюштурууну талкуулап жаткандагы үн жазууну таратышты — митинг уюштуруу кылмыш эмес. Керек болсо — бул кыргызстандыктардын Конституция кепилдеген укугу.
«Клооп» Кемпир-Абадды коргоо комитетинин иши боюнча камакка алынгандар тууралуу маалыматтарды чогултту.
23-октябрда кармалгандар:
Айданбек Акматов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Журналист. Карьерасын 1993-жылы «Кыргыз руху» гезитинен баштаган. Бир канча убакыт «Азаттык» радиосунда штаттан тышкаркы кабарчы, кийин — редактор болуп иштеген.
2020-жылы «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынан парламент депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2021-жылы кайрадан бир мандаттуу Кадамжай округу боюнча депутаттарды шайлоого катышкан. Экөө тең ийгиликсиз болгон.
Ал өзүнүн айтымында, Кемпир-Абадды коргоо Комитетинин жолугушууларына журналист жана кайдыгер эмес жаран катары катышкан.
Нурлан Асанбаев
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Өзү куруучу, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө ремонт жасаган. Асанбаев дагы ушул иш боюнча ТИЗОго камалып отурат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдиргендей, Асанбаев улгайган апасы жана кызы менен ижарага алынган битирде жашайт. Үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу.
Активист Айсулуу Кудайбердиеванын айтымында, Асанбаевдин саясатка эч кандай тиешеси жок — Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине андан бетер жакындабайт.
Бектур Асанов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Экс-депутат, 2022-жылдын мартында түзүлгөн «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү.
Асанов 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2009-2010-жылдары Кыргызстандын Пакистандагы элчиси жана Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. 2011-жылы өзүнүн «Эгемен Кыргызстан» партиясы Асановду президенттик шайлоодо талапкер катары көрсөткөн, бирок ал талапкерлигин алып салган. Андан кийин 2017-жылга чейин депутат Өмүрбек Текебаевдин коомдук кеңешчиси болгон.
2015-жылы Бектур Асанов президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген, саясатчынын пикиринде, Атамбаев парламенттик шайлоодо өзүнүн КСДП партиясын ачыктан-ачык эле сүрөмөлөгөн. Кийинки жылы эле Асанов экс-депутат Кубанычбек Кадыров менен кошо аудиожазманын негизинде «бийликти күч менен басып алуу аракетине» айыпталып, 12 жылга соттолгон (кийин абак мөөнөтү 8 жылга чейин кыскартылган). 2019-жылдын февралында сот экөөнү мунапыс боюнча жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шартуу бошоткон. Эркиндикке чыккандан кийин Асанов менен Кадыров ошол убакта президент болуп турган Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоорун билдирип чыгышкан.
Ал эми 2020-жылы Асанов кезексиз президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөтүүгө аракет кылган, бирок БШК соттуулугу жоюла элек болгондуктан документтерин кабыл алуудан баш тарткан. 2021-жылы парламенттик кайра шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынан талапкер болгон, бирок партия Жогорку Кеңешке өтпөй калган.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Атай Бейшенбек
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Блогер жана жарандык активист. Бейшенбек коррупцияга каршы, сөз эркиндиги үчүн жарандык коомдун митингдерине активдүү катышып келген.
Активист 2022-жылы октябрдын орто ченинде президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков WhatsApp аркылуу коркутуп жатканын кабарлаган. Орунбеков коркутканын четке кагып, Бейшенбекке «эскертип коёюн» дегем деп билдирген.
Ага карабастан, активист соцтүйүндөр аркылуу бийликке сын айтууну токтоткон эмес. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине дагы каршы болгон. Кармоо учурунда Бейшенбек Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болбогонун жана анын жыйындарына катышпаганын айкан.
Азимбек Бекназаров
2022-жылдын 23-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Саясатчы, экс-депутат. Саясатка укук коргоо органдарынан келген. 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Парламентте Кыргызстандын 125 миң гектар жерин Кытайга берилиши боюнча ошол кездеги президент Акаевге активдүү сын айткан.
2002-жылы Бекназаров камакка алынган, мындан улам анын кичи мекени Аксы районунда толкундоолор башталган. Жыйынтыгында алты адам каза таап, 90дон ашык киши жаракат алган. Саясатчы эч жака кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулуп, бирок кылмыш иши жабылган эмес.
Бекназаров 2005-жылы парламенттик шайлоодо утуп чыккан саналуу оппозиционерлердин бири, анда оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койгон. Бекназаров бириккен оппозициялык кыймылды жетектеген. Көп өтпөй өлкөдө бийлик алмашып, президент Орусияга качып кеткен. Бекназаровду «март революциясынын бульдозери» деп аташкан.
Бийликке келген Курманбек Бакиев аны башкы прокурор кылып дайындаган. Бир нече ай баш прокурор болгондон кийин, Бекназаров ошол эле жылдын ноябрь айында кайрадан депутат болуп шайланган. 2010-жылы кезектеги бийлик алмашууда Бекназаров Убактылуу өкмөттө вице-премьер министр болуп, президенттикке Атамбаев келгенче иштеген.
2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков аны Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кылып дайындаган. Андан эки жыл өткөндөн кийин, жаңы шайланган президент — Садыр Жапаров — «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди аткара албагандыгы» үчүн Бекназаровду кызматтан алган. Бекназаров өзү «Кумтөр» кенине байланыштуу сын-пикир айткандан кийин ээлеген кызматынан кол жууганын билдирген.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгон.
Эрлан Бекчоро уулу
2022-жылдын 22-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Активист, «Туран» демократиялык партиясынын мүчөсү. Бекчоро уулу 2012-жылдан тартып 2015-жылга чейин Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын көркөм кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Ушул эле жылдары «Учур» театрында эмгектенген. КТРКнын «Дөөлөт» котормо студиясынын саунд-актёру, «Курманжан датка» тасмасынын коюучусу, «Санат ТВ» каналында энциклопедиалык программанын диктору болгон.
2014-2018-жылдары — диктор, диджей, башкы программалык режиссёр, «Марал FM» радиосунда автордук берүүлөрдүн алып баруучусу. Буга кошумча Бекчоро уулу оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге байланыштуу «Сентябрь ТВ» каналында «Дейт» аналитикалык программасынын автору жана алып баруучусу болуп эмгектенген.
Бекчоро уулунун саясий карьерасы 2018-жылы «Замандаш» партиясынын маалыматтык бөлүмүн жетекчиси болуп иштеп баштаганда башталган. 2021-жылы ушундай эле бөлүм башчы болуп «Туран» партиясына барган. «Туран» «Ата Мекен» партиясы менен бириккенден кийин Бекчоро уулу бул партиянын тизмесинде парламентке өтүүгө аракет кылган.Кармалардан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Айбек Бузурманкулов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Жарандык активист. 2005-жылы «Ак Шумкар Кут» салтуу жаштар уюмун түзгөн, кийин Маданият министрлиги менен биргеликте ак калпак күнүн өткөрүшкөн. Бузурманкулов 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик алмашуу менен аяктаган Ала-Тоо аянтындагы нааразычылыктарга катышкан.
10 жылдан ашык банк тармагында иштеген. Аны менен катары 2016-жылдан баштап, Бузурманкулов «Жаңы муун» саясий кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири жана «Эркин эл» партиясынын тең төрагасы болгон.
Бузурманкулов Көк-Сай аймагындагы жер тилкенин Казакстанга берилишине каршы чыккан. Жерүй кенин иштетүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы болгон жана 2020-жылдын июнунда кендин иштешине каршы митингге чыккан. Анда Бузурманкуловду РИИБнин кызматкерлери кармап кетишкен.
2017-жылы президенттикке талапкер Азимбек Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин, ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бирок 2021-жылдын 6-мартында Бузурманкулов «башка жумушка которулгандыгына» байланыштуу — «РСК Банктын» директорлор кеңешине мүчө — кызматтан алынган.
Кармалардан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Равшан Жээнбеков
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де болот
Саясатчы, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, Next TV телеканалынын ээси. 2022-жылдын мартына түзүлгөн «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү. Жээнбеков карьерасын биринчи президент Аскар Акаевдин убагында эле баштаган, чиновник болуп чоң кызматтарды аркалаган. Ал тургай 1999-жылы Акаевдин жардамчысы болгон.
Өлкөдө бийлик алмашып, Курманбек Бакиев келгенде Жээнбеков Малайзияда элчи болуп, ал жерде бир нече жыл иштеген. 2010-жылдын октябрында саясатчы «Ата Мекен» партиясынын курамында Жогорку Кеңештин V чакырылышына өткөн. 2012-жылы партиядан чыгарылып, эки жылдан кийин «Демократтар» оппозициячыл тобуна кирген. Андан бери бир нече жолу парламенттик шайлоого катышып, бирок майнап чыккан эмес. Мындан тышкары, Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышкан.
Саясатчы далай эле жолу кармалып, кылмыш иштери козголгон — өзүнүн айтымында, бийликти сындаганы үчүн куугунтукталган. Акыркы жолу — Кой-Таш окуясы учурунда «массалык башаламандыктарды уюштурууга» айыпталып кармалган. Жээнбеков күнөөсү жоктугун айтып келет.
Кезектеги жолу кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Гүлнара Журабаева
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист, БШКнын «Ата-Мекен» партиясы сунуштаган мурдагы мүчөсү болгон.
Карьерасын окутуучу катары баштаган, 1996-2003-жылдары Евразия экономикалык шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгынын мүчөсү болгон, андан соң банк тармагында иштеген. 2008-жылы «Интербилим» эл аралык борборунун координатору болгон.
2011-жылы БШКнын курамына «Ата-Мекен» партиясынан кирген. Он жылдан кийин анын мөөнөтү аяктап, Журабаева парламенттик шайлоого «Ата-Мекен» партиясынан барган, бирок Жогорку Кеңешке өткөн эмес.
Журабаева бийликтин басымына жана тындоосуна бир канча жолу кабылган. Кармалгангандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Кеңешбек Дүйшөбаев
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
2022-жылдын мартында түзүлгөн «Кыргызстандын бириккен демократиялык кыймылынын» мүчөсү.
Көп жыл укук коргоо органдарында түрдүү кызматтарды аркалашган, Ички иштер министринин орун басары болгон. 2005-жылы 23-мартта президент Аскар Акаев Дүйшөбаевди ИИМдин башчылыгына дайындаган. 24-мартта өлкөдө бийлик алмашкан. Дүйшөбаев бул кызматта бир нече ай иштеген. Ошол эле жылы саясатчы президенттикке талапкерлигин койгон — 1%дан аз добуш алган.
2010-жылдын апрель айында, өлкөдө кезектеги жолу бийлик алмашканда Дүйшөбаев жарым жылга жакын Убактылуу өкмөттүн курамында УКМКнын төрагасынын милдетин аткарган.
Карьерасынын эң жогорку чеги 2020-жылдагы октябрь окуясына туш келген. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетээрден бир күн мурун, 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган. Бирок андан 12 күн өткөндөн кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Дүйшөбаевди ээлеген кызматынан бошоткон.
Андан кийин саясатчы Жапаровду сындап, Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун камалышын — «театралдаштырылган шоу» деп атаган.
Кармалгангандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Канатбек Исаев
2022-жылдын 23-ноябрына чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот
«Кыргызстан» партиясынын мурдагы башчысы. Карьерасын салык инспектору болуп баштаган, кийин Финансы министрлигинде иштеген, андан соң эки Токмок шаарынын мэри болуп эки жылга чукул иштеген.
2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, «Республика» фракциясы менен парламенттин көпчүлүк коалициясын жетектеген. 2014-жылдан тартып бир жарым жыл өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
2015-жылы кайрадан парламентке кайткан, бирок бул жолу бийликке лоялдуу «Кыргызстан» партиясы менен келген. Президент Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө сүрөмөлөгөн демилгеге каршы чыккан. 2020-жылдагы октябрь окуясында үч жума Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Анда Исаевде өлкө президентинин милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк жаралган, бирок болочоктогу өлкө башчысынын тарапташтарынын талабынан шартында бул орунду Садыр Жапаровго бошотуп берген.
Исаев эки жолу президенти болууга аракет кылган. 2017-жылы шайлоочулардан жетиштүү кол топтой албай калгандыктан талапкер болбой калган, анткен менен шайлоодо Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдогон. Ал эми кезектеги жолу, 2021-жылы, Исаев президенттик шайлоого талапкер болуп, бирок болгону 0,5%дан бир аз гана көп добуш алган.
2017-жылы Исаевдин башына кара булут айлана баштаган. Ага бир нече кылмыш иши козголгон, экөө Токмок шаарында мэр болуп тургандагы ишине, дагы бири президенттик шайлоодо жеңилип калган Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен «бийликти басып алуу аракетине» байланыштуу болгон.
Кийин сот Исаевди Токмоктун башчысы болуп турганда мамлекеттик мүлктү сатууга күнөөлүү таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга кескен. Бир жылдан кийин сот бул иш боюнча беренени згөрткөн — ага ылайык, иштин мөөнөтү эскиргендиктен кыскартылган. Бирок саясатчы «төңкөрүш даярдоого» айыпталгандыктан абакта калган. 2018-жылдын июлунда Исаев үй камагына чыгарылып, парламентке депутаттык ишин улантууга кайтып келген. Кийин иш таптакыр эле токтотулган.
2021-жылы күзүндө Исаев буга чейин бир жыл мурда парламенттик жарышта жеңүүчүлөрдүн бири болгон (аталган шайлоонун жыйынтыгын БШК октябрдагы нааразылыктардын натыйжасында жокко чыгарган) «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кеткен. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоодо Исаев бир мандаттуу талапкер катары катышайын деп жаткан, бирок көп өтпөй талапкерлигин алып салган.
Исаев Садыр Жапаров Конституцияга сунуштаган өзгөртүүлөргө каршы чыккан. 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетине кошулган. Эртеси күнү УКМКнын тергөөчүсү Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып сотко кайрылган — экс-депутат 2018-жылдын 1-октябрынан бери «төңкөрүш жасоо аракетине» байланыштуу эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикте жүргөн. Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
Кубанычбек Кадыров
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
«Чындык» саясий партиясынын лидери. Саясий карьерасы башталганга чейин 10 жыл укук коргоо органдарында иштеген. 2008-жылы КСДП партиясынын курамы менен депутат болгон. Бирок 2010-жылдагы бийликтин алмашуусунан улам, апрелде БШК анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
2016-жылы жашыруун аудионун негизинде Кадыров экс-депутат Бектур Асанов менен бирге «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып менен 12 жылга кесилген. Кийинчерээк мөөнөтү кыскартылган.
2019-жылдын февралында сот мурдагы депутаттарды шарттуу түрдө бошоткон. Эркиндикке чыккандай кийин Кадыров менен Асанов ошол кезде президент болуп турган Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдойбуз деп билдирген.
Кадыров 2021-жылдагы мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган. Бирок докуметтерин соттулугу алынбаганына байланыштуу кабыл алган эмес. 2021-жылы «Ата-Журт — Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон, бирок парламентке өткөн эмес.
Кармалгангандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Чынгыз Капаров
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист жана саясатчы. Саясий карьерасын Капаров 2007-жылы эл өкүлү Курманбек Осмоновдун жардамчысы болуп баштаган.
2021-жылдын январындагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоолор учурунда талапкер катары катталууга арыз тапшырган, бирок анын «Кыргызтест» сертификаты жок болгондуктан каттабай коюшкан. 2021-жылдын ноябрында Нарын облусунан бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон, бирок 2,47% гана добуш алган.
2021-жылдын февралында Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча кол топтоону демилгелеген.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жолугушуусуна журналист катары катышкан (комитеттин катында ушундай жазылган).
Рита Карасартова
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат
Укук коргоочу, «Коомдук анализ институтунун» башчысы, 2022-жылдын мартында түзүлгөн Кыргызстандын «Бириккен демократиялык кыймылынын» мүчөсү.
Карьерасын жогорку окуу жайларда окутуучу катары баштаган. Аны менен катар 2008-2011-жылдары «Ачык айкын бюджет үчүн» альянсынын финансылык эксперти болгон. Жарандык көзөмөл боюнча ар кандай комитет жана кеңештерге мүчө болгон — мисалы, 2011-жылы Карасартова сот системасына көзөмөл кылуу боюнча кеңештин координатору болгон.
2017-жылы Карасартова президенттикке талапкерлигин коюга аракет кылган, бирок БШК анын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. 2020-жылы ошол эле жылдын октябрындагы депутаттарды шайлоого катышкан «Реформа» партиясынын курамына кирген.
Кармалганга чейин Карасартова Кемпир-Абадды коргоо Комитетине кирген. Ал соцтүйүндөр аркылуу дагы бийликке катуу сын айтып келген.
Таалайбек Мадаминов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист. 2002-жылдан 2005-жылга чейин «Кара-Алма-Жаңгак Индастри» компаниясынын башкы директору болгон. Андан кийин бир жыл Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы болуп иштеген. Кийинки төрт жылда президентке караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде башкы адис болуп иштеген.
2009-2020-жылдары Пакистан өлкөсүндөгү элчинин жардамчысы болгон. 2013-жылы юридика тармагына кеткен.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Улукбек Маматаев
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Саясатчы, активист. 90-жылдары «Жаштардын коомдук бирикмеси» бейөкмөт уюмун жетектеген, ал эми 2000-жылдан 2009-жылга чейин улуттук күрөш федерациясынын төрагасынын орун басары болгон.
Анын саясий карьерасы 2010-жылы «Ак Калпак» деген партияны негиздөө менен башталган. 2013-жылы Маматаев «Эл үнү» оппозициялык уюмунун төрагасынын орун басары болгон. 2015-жылы ал Улуттук оппозициялык кыймылга кошулган.
Бир жылдан кийин Маматаев саясий жүйөө менен камалгандарды коргоо комитетинин төрагасынын орун басарлыгына келген. 2019-жылы Кой-Таш окуяларын изилдөөчү коомдук комиссияны жетектеген.
2020-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Кийинки жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолордо парламентке өтпөй калган «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон.
2021-жылдын декабрында Маматаев УКМКга күбө катары суракка чакыртылган, кайсыл иш боюнча экени белгисиз.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке мүчө болгон.
Жеңиш Молдокматов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
«Туран» демократиялык партиясынын лидери. Өзүнүн саясий карьерасын 2010-жылы, «Кыргызстан жаштар кеңеши» коомдук-саясий кыймылын жетектөө менен баштаган. Ал убакта Молдокматов биринчи жолу «Ак-Шумкар» партиясынан парламент депутаттыгына талапкерлигин койгон.
2013-2015-жылдары 2014-жылы «гей-пропагандага» каршы деп аталган митингди өткөргөн «Калыс» саясий кыймылын жетектеген. Ошол эле маалда Молдокматов «Замандаш» партиясынын тең төрагасы болгон, ал эми 2018-жылы партияны жетектеп, эки жылдан кийин «Замандаштын» катарында парламентке келүүгө аракет кылган. Бирок андан бир жыл өткөндөн кийин, Молдокматов кайра өткөрүлгөн парламенттик шайлоого «Ата-Мекен» партиясы менен биригип катышкан «Туран» партиясын жетектеп турган.
Молдокматов Садыр Жапаровдун жаңы Конституциясына активдүү каршы чыккан.
2021-жылдын май айында Молдокматов октябрь окуяларынан кийин «массалык башаламандык уюштурууга» шектелип кармалган. Жыйынтыгында ага карата алты кылмыш иши ачылган. Саясатчынын адвокаты кармоону мыйзамсыз деп атаган, ал эми тарапташтары куугуттук деп билдиришкен. 2022-жылдын февралында Молдокматов үй камагына чыгарылган, ал эми июнда сот «массалык башаламандык» ишинин бардык фигуранттарын актаган.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо Комитетине мүчө болуп кирген.
Асия Сасыкбаева
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Экс-депутат, укук коргоочу, 70 жашта. Билим берүү системасында иштеген. 1993-жылдан 2010-жылга чейин жарандык коомду жана демократиялык институттарды өнүктүрүү менен алектенген «Интербилим» эл аралык борборун жетектеген. Кылым тогош жылы Сасыкбаева «Сорос-Кыргызстан» фондунун директорлор кеңешине кирген.
Саясатта — Ата Мекен партиясына мүчө болгон 2010-жылдын августунан бери. Бир нече айдан кийин Сасыкбаева партия менен парламентке өтүп, Жогорку Кеңештин спикери болгон. Кийинки чакырылышка өтпөй калган, бирок активдүүлүгүн уланткан — партиялаштарын президент Атамбаевдин басымынан коргоп, ЖМКга саясий окуялар боюнча пикирин билдирип турган.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке мүчө болгон.
Клара Сооронкулова
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
«Укук мектеби» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, Борбор Азия эл аралык университетинде «юриспруденция» багыты боюнча доценттин милдетин аткаруучу, «Реформа» саясий партиясынын экс-башчысы. 2022-жылдын мартында түзүлгөн «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү.
2011-жылдан тартып 2015-жылга чейин Конституциялык палатанын судьясы. Бул кызматтан парламент аны үч жолу добуш берип отставкага кетирген. Ага чейин Сооронкулова өлкө жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса шайлоодо добуш бере албаган мыйзам долбоорун антиконституциялык деп атаган.
2020-жылы «Реформа» партиясынын баштап октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан, бирок өтпөй калган. Ал эми 2021-жылы кайра шайлоого «Ата Мекендин» катарында (анда партиялар бириккенин жарыялашкан эле) катышкан. 2021-жылы президенттик шайлоого да катышкан, добуштардын болгону бир пайызына ээ болгон.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин курамына кирген.
Перизаткан Суранова
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист. Ар кандай эл аралык долбоорлорду, алардын арасында «Аялдардын жерге болгон укугу» (ЮНИФЕМдин долбоору) долбоорунун Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча жетекчиси болгон. 2001-2020-жылдар аралыгында «Каныкей эне» коомдук фондун жетектеген. 2003-2007-жылдары миграция боюнча долбоорлорду, жергиликтүү бирикмелерди жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өнүктүрүү программаларын жетектеген.
Суранова саясаттагы карьерасын 2007-жылы «Замандаш» партиясы менен баштаган. 2011-жылы «Замандаш-Современник» партиясынын Кадамжай аймактык комитетин жетектеген жана анын саясий кеңешине кирген. 2021-жылдын ноябрында парламенттик шайлоого «Ата Мекен» менен парламенттик шайлоого барган, бирок ийгиликсиз болгон.
Суранова кармалганга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетине мүчө болгон. Октябрдын башында ал дагы фейсбук барагын бузуп кирүүгө аракети болгонун айтып чыккан.
Али Шабдан (Чынарбек Шабдан уулу)
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Жарандык активист, башкы фигуранты Райымбек Матраимов болгон «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP’нин иликтөөсүнөн кийин, коррупцияга каршы #RЕакция митингдерине активдүү катышкан.
2020-жылдын май айында активисттин үйүнө милиция келип — Матраимовго каршы карикатураны бөлүшкөнү үчүн «маектешип» кеткен. Шабдан бул сүйлөшүү тууралуу видео тартып жарыялаган.
Кийинчерээк Клара Сооронкулова жетектеген «Реформа» партиясына мүчө болгон, бирок 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин партиялаштары менен пикир келишпестиктен улам, партиядан чыгып кеткен.
Кармалганга чейин ал дагы Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин катуу сындап чыккан. Кармоо маалында Шабданды ИИМдин тергөөчүсү коркуткан.
Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.
Талант Эшалиев
Үй камагында
Активист, 2021-жылдын августунан тарта — «Чоң Казат» коомдук бирикмесинин лидери.
«Чоң Казат» кыймылы Кыргызстанда 2020-жылы, кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Сыймык Жапыкеев аткаминер, олигарх жана депутаттардын мүлктөрүн тартып алуу керек деп чакырык жасай баштаганда популярдуу болгон.
Эшалиев — Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын ичинен үй камагына чыгарылган жалгыз киши. Калгандары ТИЗОго киргизилди. 23-октябрь күнү кармоо учурунда ал өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.
Кемпир-Абадды коргоо комитети жарыялаган тизмеде Эшалиевдин аты аталган эмес. «Клооп» анын бул уюмга тиешеси барбы же жокпу аныктай алган жок.
24-октябрда кармалган:
Акыл Айтбаев
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы, Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары.
1989-2013-жылдары түрдүү кызматтарды аркалаган: мисалы, бир нече жыл Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары болгон. 2008-2010-жылдары ӨКМ башчысынын орун басары кызматын ээлеген.
2013-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына мүчө болгон, андан бери эки жолу Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлигин койгон.
Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине активдүү каршы чыккан. Кармалгандан бир мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгон.
26-октябрдагы кармоолор:
Мамбетжунус Абылов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист, Кыргызстандын Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси. 1996-1998-жылдары ӨКМдин башчысы болгон. 2022-жылдын март айында «Бириккен демократиялык кыймылынын» координатору болгон.
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү. Кармалгандан эки күн мурда «Азаттык» басылмасына комитеттин мүчөлөрүнө коюлуп жаткан башаламандык уюштуруу же бийликти басып алуу максаты болбогону тууралуу интервью берүүгө үлгүргөн.
Ал бийлик «комитет түзүү аракетин өзүнө керексиз болгон адамдардан кутулуу максатында пайдаланды» деп эсептейт.
Марат Баязов
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Жарандык активист, бизнес-консультант, «Кыргызстандын бирдиктүү демократиялык кыймылынын» мүчөлөрүнүн бири, «Демократиялык альянстын» жана «Кыргызстан Бажы биримдигине киришине каршы» кыймылынын мүчөсү.
Next TV телеканалынын негиздөөчүлөрдүн бири.
Баязов көптөгөн — сөз эркиндиги жана коррупцияга каршы митингдерге катышкан.
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн жарыяланган тизмесинде Баязов көрсөтүлгөн эмес. «Клооп» анын уюмга тиешеси бар же жок экенин тактай алган жок.
27-октябрда кармалгандар:
Орозайым Нарматова
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Азыркы чакырылыштагы парламенттин экс-депутаты. Өзүнүн карьерасын Москвада кыргыз мигранттары үчүн делген «Мекенчил жаш» гезитинин кабарчысы болуп иштеген. 2019-жылы «Мекендештер» маалыматтык борборун негиздеген. Аны менен кошо ишкерчилик менен алектенген.
2015-жылы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясына мүчө болуп, жаштар менен иш алып барган. Бирок 2017-жылы партиядан кеткен — кийинчерээк өзү партиянын бир бөлүгү парламенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп кетишкен деп билдирген.
Андан кийин Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кирген, ал эми 2021-жылы аны менен Жогорку Кеңешке өткөн. Бирок кийинчерээк БШК Нарматованын депутаттык каттоосун жокко чыгарыган, себеби жогорку билим тууралуу диплому жасалма болгон деп айтылган, бул эл өкүлүнүн негизги талабы болуп эсептелет.
2021-жылдын 10-сентябрында Нарматова Ош аэропортунан Москвага учуп жаткан жеринен кармалган. «Бийликти күч менен басып алууга чакырууга» шектелгени айтылган. Кийинчерээк күбө катары суралганы белгилүү болуп, бошотулган.
23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комититене мүчө болгон, ал эми кармалгандан кийин тарапташтары үчүн видео тартып, анда Москвадан Бишкекке келүү жана митинг өткөрүү планы жөнүндө айткан. Эртеси күнү орусия полициясы Нарматованы Москвадан кармап, Кыргызстанга экстрадициялаган.
Илгиз Шаменов (Сарылдык уулу)
2022-жылдын 20-декабрына чейин ТИЗО-1де кармалат.
Активист, «Социал-демократтар» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон, «Тянь-Шань Форель» балык өстүрүүчү компаниясынын жана социалдык долбоорлор менен алектенүүчү Instituto Prime Group эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалынын башкы директору.
2021-жылдын 20-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. Ага чейин Шаменов «Бишкек» Эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) коррупция тууралуу айтып чыккан. Ошондой эле, Шаменов Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгып турган.
2022-жылдын августтунда активист ЭЭАдагы жана Айыл чарба министрлигиндеги коррупция тууралуу билдирүүсү үчүн УКМКга суракка чакыртылган. Андан кийин Шаменов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков тарабынан коркутуулар болгонун кабарлаган. Андан эки күн өткөндөн кийин Шаменовдун унаасынын алдынан граната табылган. Активист милицияга кайрылып, коргоп берүүсүн суранган, ал жерде кылмыш иши козголгон, бирок «жарактан чыккан» граната экен деп билдиришкен.
Ошондон кийин Шаменов Орусияга көчүп кеткен, анын айтымында, өзүн коопсуз сезген эмес. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин сындагандардын биринчи тобу кармалганда кыргыз бийлигин сынга алган. 24-октябрда Шаменов мурдагы депутат Орозайым Нарматова жана активист Тилекмат Күрөңов менен бирге видео тартып — анда алар Бишкекке кайтып, митинг өткөрүүгө ниеттенип жатканын айтышкан.
Шаменов 27-октябрда Москвадан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Өзүнүн соцтүйүндөгү барактарында учак билетинин сүрөттөрүн жарыялап, күч органдары мекенине алып кетип жатканын жазган.
Фактчек: Зулайка Эркимбаева
Редактору: Дмитрий Мотинов
ДАГЫ ОКУҢУЗ: