«Реформа» жана «Ата Мекен» шайлоого бирге катышуу үчүн бирикти

«Реформа» партиясынын фейсбук барагынан алынды

«Реформа» жана «Ата-Мекен» саясий партиялары 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бирге барат. Мындай билдирүү «Реформа» партиясынын фейсбук баракчасында 11-сентябрда жарыяланды.

«"Реформа" саясий партиясы менен "Ата-Мекен" саясий партиясы, күздө өтө турган парламенттик шайлоого бирге баруу максатында демократиялык коалиция түзүү меморандумуна кол коюшту. Демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырабыз!» — деп жазылат билдирүүдө.

2-сентябрда «Ата Мекен» жана «Реформа» партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү жолугушкан. Анда парламенттик шайлоонун алдында биригүү боюнча маселе каралганы тууралуу кабарланган болчу.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» 4,08%, ал эми «Реформа» 1,66% добуш алышкан. Эки партиянын мүчөлөрү тең 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ацияга чыккан саясий партиялардын арасында болушкан. Натыйжада октябрь окуялары бийликтин алмашуусун шарттаган.

Алдыда боло турган парламенттик шайлоого 75 партия катышуу ниетин билдирди.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат беш жылга шайланат. Депутаттардын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланышат.

Тема боюнча:

«Ата Мекен» жана «Реформа» шайлоого бирге катышуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат