Минкабдын чечими: Көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан убактылуу жөнгө салынат

Министрлер кабинети өлкөдө көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды», — деп билдиришти минкабдан.

Убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдык бааны белгилөө менен 90 күндүк мөөнөткө киргизилди. Минкаб ушул эле документ менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бааларды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.