Бишкектеги жергиликтүү курултайда делегаттардын саны бекитилди. Айрымдар ага наарызы

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү курултай өттү. Анда Элдик Курултайга катышчу делегаттардын саны жана курултайдын жобосу бекитилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курултайга делегаттарды шайлоону жергиликтүү кеңештер уюштурду. Квота боюнча делегаттардын саны 800 кишини түзүп, райондо жашаган калктын санына жараша бөлүштүрүлдү.

  • Ленин району — 203 делегат (278 миң 500 жашоочу);
  • Октябрь району — 228 делегат (313 миң 200 жашоочу);
  • Биринчи май району — 164 делегат (225 миң 300 жашоочу);
  • Свердлов району — 205 делегат (281 миң 400 жашоочу).

Мэриядан борбор калаадагы жергиликтүү курултайга чейин маселелерди алдын ала талкуулоо максатында 1-2-ноябрда бардык райондо жыйын өткөнүн кошумчалашты.

Ал эми «Азаттык» басымасы Элдик Курултайга катышчу делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралганын жазды.

Маалыматка ылайык, Элдик Курултайга катышуу үчүн Октябрь районунан 16 делегат сунушталган. Бирок айрым тургундар «тизме макулдашылбай түзүлгөнүн» айтышууда.

«Азыркы берилген тизме эч ким менен макулдашылган эмес. Бул мэриядан келген тизме. [Бардыгы] дүжүрлөр. Биз дагы жаңы тизме беребиз», — деген катышуучулардын бири.

Элдик Курултай

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, биринчи Элдик Курултай 25-ноябрга чакырылган, ал Бишкекте өтүшү керек. Курултайды Министрлер кабинетинин Резервдик фондунун жана Президенттин фондунунун эсебинен өткөрүү пландалган.

Элдик Курултай Конституцияда жазылган, бирок ал тууралуу мыйзам азырынча кабыл алына элек. 17-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Жапаров демилгелеген «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган эмес.

Ал эми юрист Фатима Якупбаева президенттин курултай чакыруу ыйгарым укугу жок экенин билдирген. Юристтин айтымында, Элдик Курултайды уюштуруу жана иштөө тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам аныктайт.

27-августта өлкө башчысы Элдик Курултай уюштурууга толук укугу бар экенин билдирген. Жапаров Элдик Курултайды жыйым-терим бүткөн учурга ылайыктап чакырганын белгилеп, курултайдын өкүлдөрүн эл шайлайт деген.