Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 7-ноябрда ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жапаров «ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө жооптуу экенин аңдап-билиши абзел» деп эскертти. Ошондой эле «негизги максат — тартип жана мыйзам үстөмдүгү орногон укуктук коомго жетишүү, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу» деп айтты.

«Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун. Жаңы идея менен жана жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин катары калыңдап баратканы кубандырат» — деди ал.

Сөз эркиндигине болгон басым

Бийлик өлкөдөгү көз карандысыз медиалардын сап башында турган «Азаттык» радиосунун сайтын эки айга жапкан. Ошондой эле аталган медианын банктык эсеби да бөгөттөлгөн.

ЖМКга басым күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын журналисттери 28-октябрда тилектештик акциясын өткөрүшкөн. Анда саат 9:00дөн 12:00гө чейин ММКлар материалдарды чыгарган эмес. Мындан сырткары бир күн бою маморгандардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышкан.

Ал эми Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилеп, президент Садыр Жапаровго бир катар талаптары менен кайрылышкан.