Бекешев: Бийлик журналисттерден жоопкерчиликти талап кылат, а чынында баш ийүүсүн өтүнөт

Депутат Дастан Бекешев 7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата журналисттердин жасаган эмгегине ыраазычылыгын билдирди. Ал бийлик тараптын коркутууларынан улам, өлкөдө көз карандысыз журналист болуу дагы деле кооптуу экенин эскертти.

«Бийликти чыйралтып, өз эркиндигинен ажыраса деле иликтөөлөрдү жасап, коркутууларга карабай ишин улантып келе жаткан журналисттерге терең таазим этем. Аларга кур жала жабып, “батышчыл” же “бузукулар” деп атап, мүмкүн болгон соцтүйүндөр аркылуу аларга чабуул коюп, жаманатты кылса да, бийлик эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшөт. Болбосо баары эле ким чабуул коюп, ким коркутуп жатканын жана фейк-фермалар үчүн эмнеге жоопкерчиликке тартылбай жатканын түшүнүп эле турат. Мындай журналисттер баалуулук ориентирлерин туура көрсөтүп, бардык аткаминерлерди чынчыл жана ачык-айкын иштөөгө үндөйт», — деп билдирди эл өкүлү.

Бекешев бийликтин ЖМКга болгон мамилесине токтолуп, бийликтегилер журналисттерден жоопкерчиликти талап кылып жатканы менен, чындыгында «бул баш ийүүсүн өтүнгөндүк» деп айтты.

«Журналисттерди “камоолорду”, алардын эмгегин баалабоону, кысымдын күчөшүн, өлкөдө сөз эркиндиги гүлдөп жатат деген куру декларацияларды эске алып, мен бардык тайманбас, принципиалдуу журналисттерге бекем мүнөз жана сабыр тилейм. Бекем тургула. Эмгегиңерге рахмат!» — деди депутат.

Президенттин куттуктоосу

Журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу президент Садыр Жапаров 7-ноябрда журналисттерди Басма сөз күнү менен куттуктоосунда айткан.

Президент соцтүйүндөр азыр салтуу журналистика менен теңтайлашып жатканын белгилеген. Ал «ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо, тараткан ар бир сөзүнө жооптуу экенин аңдап-билиши абзел» деп эскерткен.

«Негизги максат — тартип жана мыйзам үстөмдүгү орногон укуктук коомго жетишүү, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу. Ар бир жаран, ал ким болбосун: мейли журналист, мейли блогер же катардагы жөнөкөй жаран, айтор баарыбыз бул багытта бир максатты көздөшүбүз кажет», – деген Жапаров.

Жапаров журналисттер менен бийлик Кыргызстанды алдыга жылдырууга жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу багытында бирдиктүү иштерине ишеничин билдирди.

«Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун», — деп айтылган президенттин куттуктоосунда.

Анткен менен Кыргызстанда бийлик тараптан ЖМКга жана сөз эркиндигине басымдын жаңы толкуну байкалууда.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтен буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошондой эле, бийлик бир катар эксперттер көз карандысыз ЖМКга каршы мамлекеттин колундагы куралы болуп калышы мүмкүн деген мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү улантып жатат.

Алардын арасында президенттик администрация тарабынан демилгеленген ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоору бар. Документ учурда коомдук талкууда турат. Юристтер бул мыйзам долбоорун ачык эле цензуранын киргизилиши деп баалап жатат.