Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамы ыйгарылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Президенттин расмий сайты

Кыргызстандын мурунку президенти Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамы расмий түрдө ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 16-октябрда маалымдады.

Ага ылайык, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аталган буйрукка кол койду.

«“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, Сооронбай Жээнбековго карата мыйзамда каралган бардык ченемдер сакталат», — деп жазылат маалыматта.

Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен кызматтан кетти.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «өлкөнүн тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айткан.

Президенттин отставкасы жаңы премьер Садыр Жапаровдун алгачкы жана негизги талаптарынын бири болчу. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров Жээнбеков менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

16-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына Жээнбеков келип, анын отставкага кетүү чечими коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынып жатканан билдирген. Ошондой эле «бул туура чечимби же жокпу – тарых жана убакыт таразалайт» деп айткан. Мындан сырткары кызматтан «тынчтыкты сактап калуу максатында кетип жатканын» белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президент болуп келген. Мыйзам боюнча президент алты жылга шайланат.

Кыргызстанда экс-президенттин макамына ээ болгон эки саясатчы бар, алар: Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева. Бирок кийин Атамбаевге кылмыш иши козголгондо анын экс-президент макамы алынган.

Ал эми мурдагы эки президент — Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдагы революциялардан кийин бул макамдан ажыратылган.