Жапаров менен Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана эмес, башка жерлер да өнүгүп жатат — Султанбаев

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «акыркы убакта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана өнүгүп жатат» деген сынга жооп берди. Буга чейин Темиров Live каналына Жапаров менен Ташиев бийликке келгенден кийин алардын кичи мекендерине социалдык объектилер курула баштаганы тууралуу видео чыккан.

Султанбаев 2020-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин өлкө аймагында жаңы курулган имараттар, оңдөп-түзөө иштерине бөлүнгөн акча жана имараттардын саны боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бюджеттен бөлүнгөн 6 миллиард 172,1 миллион сомго 193 имараттын курулуш жана оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн.

  • 99 мектеп;
  • 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;
  • 25 бала бакча;
  • 16 саламаттык сактоо объекттери;
  • 6 маданият тармагындагы имараттар;
  • 5 спорткомплекс;
  • 12 административдик имараттар жана стационардык транспорттук көзөмөл пункттары.

Анын ичинен облустар боюнча курулган жана оңдоп-түзөө иштери жүргөн имараттар:

  • Ош облусунда — 47;
  • Баткен облусунда — 46;
  • Жалал-Абад облусунда — 27;
  • Чүй облусунда — 22;
  • Ысык-Көл облусунда — 18;
  • Нарын облусунда — 18;
  • Талас облусунда — 15.

Мындан тышкары Султанбаев, башка каржылоо булактардын эсебинен өлкө боюнча 130 социалдык имарат курулганын кошумчалады.

Темиров Live’дын видеосу

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Темиров Live каналына президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бийликке келгенден баштап, өздөрүнүн кичи мекенин өнүктүрө баштаганы тууралуу видео материал чыгарган.

Анда спутник картасынын жардамы менен 2020-жылдан баштап, Жапаров менен жана анын жубайы Айгүл Жапарова туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылына жана коңшу Санташ айылына курулган жаңы имараттар көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, журналист Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Аксы району дагы кантип өнүгүп жатканы тууралуу дагы айтып берген. Анда Ташиев бийликке келгенден кийин эс алуу паркын, жол жана муктаж үй бүлөлөргө үй салып бергени айталат.

Ушул эле күнү Камчыбек Ташиевге таандык «Регион» телеканалы Камчыбек Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилгенин билдирген. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районундагы ички жолуна асфальт төшөлүп, аталган көчөгө Ташиевдин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылган.

Ошондой эле Сузак районунун Барпы айылындагы бир чакырым ички жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөнү айтылды. Анын ачылыш аземине Ташиев өзү катышкан.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан