Каракол: Соода борборунда эркек киши мурдагы аялын бычактап өлтүрдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 35 жаштагы киши мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 9-ноябрда саат 17:08 чамасында «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аялды бычактап салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда мурдагы жубайлар сүйлөшүү үчүн жолугуп, ортодо уруш чыгып, эркек киши аялды бычактап, андан соң өзүнө да бычак сайганы аныкталган.

Ал эми 30 жаштагы аял ошол жерден каза болуп, өзүнө да кол салган эркек Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ушул жылдын октябрь айында Ош шаарында мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши Өзбекстандын Анжиян облусунда жүргөн жеринен кармалган.

Окуя 3-октябрда катталган. Киши мурдагы аялынын үйүнө келип, ортодо жаңжал чыккан. Ал учурда киши аялга бир нече жолу бычак сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырган. Аял жеринде каза тапкан.

Кыргызстандагы фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан окуялар катталбай, расмий статистикага кирбей калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.