Кемпир-Абад иши: Кармалган активисттердин дээрлик көпчүлүгү камакта калды. Отурум уланууда

Материал жаңыртылып турат

9-10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу иштин алкагында кармалган активисттер менен саясатчылардын аппеляциялык арыздары каралууда. Сот бир нече кишинин арызын карап, биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Кармалгандар «Кылмышка даярдык көрүүгө» (Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси) жана (КР КЖК 278-бер. 1-пункту, жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталат) «Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталууда.

9-ноябрдагы отурум

Гүлнара Журабаева

9-ноябрда биринчилерден болуп активист Гүлнара Журабаеванын бөгөт чарасы каралды. Шаардык соттун судьялары Журабаеванын кармалышын мыйзамдуу деп таап, 20-декабрга чейин абакта калтырды.

Журабаеванын адвокаты Бакыт Автандил уулу БШКнын мурдагы мүчөсүн кармоо жана үйүн тинтүү мыйзамсыз өткөнүн айтты.

Автандил уулунун айтымында, Журабаеванын туруктуу жашаган жери бар, тергөөдөн качууну жана сот процессине тоскоолдук кылууну көздөбөйт, андыктан камакка алуу менен байланышпаган бөгөт чара колдонулушу керек.

«Камоого эч кандай негиз болгон эмес. Мыйзамсыз тинтүү учурунда да эч кандай мыйзамсыз буюмдар табылган эмес. Ал 63 жашта. Ал мурда соттолгон эмес. Айыпталуучунун күнөөсү боюнча түз далил жок», — деди Автандил уулу.

Али Шабдан

Бишкек шаардык соту активист Чынарбек Шабдан уулун (Али Шабдан) 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Активист отурум аяктагандан кийин «баарын өзүңөр көрүп жатасыңар го», — деп соттун чечимине нааразы болду.

Али Шабдан кармалганга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин катуу сындап чыккан. Кармоо маалында Шабданды ИИМдин тергөөчүсү коркуткан.

Кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Перизаткан Суранова

Бишкек шаардык соту 9-ноябрь күнү активист Перизаткан Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Анын бөгөт чарасы 11-ноябрда каралмай болду.

Сот отурумунда адвокат Жаныш Бараков Суранованын ишин караган тергөөчүнү сот залына чакырууну өтүндү. Ал эми соттук коллегия тергөөчүнү чакыртууга негиз жок деп чечти. Мындан улам жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү, бирок судьялар аны четке какты.

Суранова өзү «Мен эгемендүү, эркин Кыргызстанда жашагым келет жана бул үчүн күрөшөм», — деп белгиледи.

Суранова кармалганга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетине мүчө болгон. Октябрдын башында фейсбук барагын бузуп кирүүгө аракети болгонун айтып чыккан.

Кеңешбек Дүйшөбаев

Шаардык сот «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапты.

Ал эми Дүйшөбаев «өзүнүн керт башы үчүн эмес, Кыргызстандын жери, суусу үчүн күрөшкөнүн» билдирди. Ал «азыркы соттор менен тергөөчүлөр убагы келгенде биздин ордубузга келишет» деп айтты.

«Эч кандай кылмыш жок. Наадандык. Наадандык менен кетип бара жатышат. Мыйзамды, Конституцияны “уруп ойнобой” кетип бара жатышат. Биз сынбайбыз. Коркуп, үркүп калган жокпуз. Акырында чындык жеңет», — деди ал.

Дүйшөбаев ИИМ тарабынан кармалгангандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Атай Бейшенбек уулу

Бишкек шаардык соту жарандык активист Атай Бейшенбек уулунун кармалышын дагы мыйзамдуу деп таап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Активист 20-декабрга чейин камакта болот.

«Достор, бардык жүйөөлөрдү көрдүңүздөр. Тилекке каршы, мыйзамсыз аракеттер дагы деле уланып жатат. Бир учур келип буга укуктук да, саясий да баа берилет», — деди Бейшенбек уулу.

Активист соцтүйүн аркылуу бийликке сын айтып, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине дагы каршы болгон. Кармоо учурунда Бейшенбек Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болбогонун жана анын жыйындарына катышпаганын айткан.

Айбек Бузурманкулов

Активист Айбек Бузурманкуловго карат дагы Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калды. Активист 20-декабрга чейин камакта калды.

Бузурманкуловдун жактоочусу Акынбек Ногоев кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт. .

«Тергөө учурунда бир дагы далил алынган эмес. Бир дагы курал-жарак табылган эмес. Массалык башаламандык уюштурууга эч кандай аракет болгон эмес», — деди ал.

Ал эми Бузурманкуловдун тарапташтары соттун өкүмүнө нааразы болуп, соттун имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Активист кармалганга чейин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Клара Сооронкулова

Бишкек шаардык соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Анын бөгөт чарасы 11-ноябрда каралмай болду.

Сот отурумунда Сооронкулованын жактоочулары алгач судьялардын бирине, кийин соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок соттук коллегия жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Сооронкулова өкүм чыгарылган соң, «бүгүнкү отурум соттун көз каранды эмес экенин дагы бир жолу далилдеди» деп белгиледи.

Укук коргоочу Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирип, анын Өзбекстанга берилишине каршы болгон.

10-ноябрдагы соттук отурум жана чыгарылган өкүмдөр

Асия Сасыкбаева

10-ноябрда шаардык сот биринчилерден болуп экс-депутат Асия Сасыкбаеванын адвокаттарынын аппеляциялык даттануусун карады. Сот Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп таап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Сасыкбаеванын тарапташтары: «Люстрация!», «Уят!» — деп кыйкырып турушту.

Сасыкбаева ИИМ тарабынан кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке мүчө болгон. Ал эми Биринчи май райондук соту Сасыкбаеваны 20-декабрга чейин камакка алган.

Рита Карасартова

Укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугун караган Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Карасартова 20-декабрга чейин камакта калды.

Карасартова өзүнө коюлуп жаткан айыптарга макул эмес экенин, эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты.

«Кемпир-Абад — Кыргызстандын жери. Тергөө эч кандай жүрбөй эле. Себеби, менин кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыз нерсе жок. Ошол үчүн бул тарыхта кала турчу маселе», — деди ал.

Карасартова соцтүйүн аркылуу бийликке катуу сын айтып келген укук коргоочу караты белгилүү. Ал «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү. Ошондой эле Карасартова кармалганга чейин Кемпир-Абадды коргоо комитетине да мүчө болуп кирген.

Бектур Асанов

Бишкек шаардык соту экс-депутат, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Бектур Асановдун баш коргоо чарасын карады. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Асановду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Улукбек Маматаев

Бишкек шаардык соту саясатчы, активист Улукбек Маматаевдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ошондой эле сот 20-декабрга чейин камакка алуу тууралуу Маматаевге карата чыгарган райондук соттун чечими күчүндө калтырды.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалгандардын аракетинде «эч кандай кылмыштын курамы жок экенин» белгилеп, соттун өкүмүнө нааразы болду.

Азыркы тапта сот тарабынан кармалышынын мыйзамдуулугу гана аныкталган саясатчы жана активисттердин бөгөт чарасы 11-ноябрда карала турган болду.

Тема боюнча:

Бийликти сындаган жыйырмадан ашык киши ТИЗОго камалды — алар кимдер?