Бишкектен Домодедово аэропортуна конгон жүргүнчүлөрдүн 4 млн долларын уурдап кетишти

Москванын Домодедово аэропортунда 10-ноябрь күнү белгисиз адамдар Бишкектен учуп келген эки жүргүнчүнүн 4 млн доллар накталай акчасын уурдап кетишти. Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын укук коргоо органдарына таянып, куралдуу кол салуу алдын-ала пландалган жана кимдир бирөөө маалымат берген деп жазды.

Полициянын маалыматына ылайык, Бишкектен Москвага учуп келгендер менен аларды тосуп алгандарга беткап кийип, куралданган адамдар кол салган. Автомат такап коркутуп, акча салынган сумка менен чемоданды алып, аларды тоскону келген бир канча кишини унаага салып, окуя болгон жерден из жашырышкан. Кийин полиция дарактардын арасынан эки унааны жана уурдалган эки кишини тапкан. Москвада кылмышкерлерди колго түшүрүү планы жарыяланган.

«Домодедово аэропортундагы куралдуу кол салуудан кийин ыкчам-издөө иш чаралары уланып жатат. Кылмышты алдын ала пландалган жана кимдир бирөө маалымат берген», — деп ТАССка полициядан билдиришти.

Baza Телеграм-каналы бизнес сатып алуу максатында келген эки кыргызстандыкка таандык деп жазды. Кыргызстандын ИИМнен «Клоопко» Домодедово аэропортундагы каракчылык тууралуу маалымат жок деп билдиришти.

Кийинчерээк орусиянын ВЧК-ОГПУ Телеграм каналы өздүк булактарына таянып, уурдалган акча Москванын эң ири базарларынын биринде накталай акча менен иштегендердин ортодогу акчасы болгонун жазды.

«Күн сайын борбордогу “Садовод” сыяктуу базарлардын ар биринен Кыргызстан аркылуу бери дегенде 1 млн рубль акча жүгүртүлөт. Эгер жалпак тил менен айтсак: накталай акча керек болгон кардай акча чыгаруучу аянтчага келет. Азыр сезон башталды, жыл аяктап баратканда элдин баары накталай эмес акчаны, өзгөчө мамлекеттик акчасын жок кылууга аракет кылат. Мисалы ошол эле “Садоводго” кайрылат. Алар банк реквизиттерин берет, кардар орусиялык компаниялардын акчасын төлөйт. Мисалы накталай акча менен иштеген компаниясына бут кийим сатып берет. Анан бул акчалар келишими бар фирмалар аркылуу Кыргызстанга кетет. Же товарга төлөм иретинде жөнөтүлөт. Мисалы текстиль же кайсы бир кездеме үчүн болушу мүмкүн. Же карыздарга болушу да ыктымал. Же транзиттик которуу катары бир күнгө түзүлгөн компаниялар аркылуу. Мунун баары техникалык маселелер. Бул акчаларды Кыргызстанда банктан чыгарылып, Орусия Федерациясына алып кетишет. Алар адатта декларацияда көрсөтүлөт», — деп айтып беришти маалымат булагынан.

Алардын айтымында, бул акчаларды Орусияга «атайын даярдалган, дасыккан, алибиси бар, каржылык жактан камсыздалган» алып келишет.

«Бул окуядагыдай — декларацияда 4 млн долларга бизнес сатып алынат деп көрсөтүлөт» – деп түшүндүрүштү аталган булактан.

Ошондой эле алар Бишкектен келгендерге кол салгандарга кимдир бирөө маалымат берген деп эсептешет — курьерлерди «базардагы өздөрүнүн адамдары» эле сатып койгон.

«Аларды өңүнөн таанышкан. Күтүп турушкан, анткени дал ушул адамдар түндө учуп келишмек, бирок акыркы убакта билеттер алмашылган. Эң негизгиси, чоң сумма болорун билишкен, анткени акча Кыргызстанга өткөн аптанын жума күнү киргизиле баштаган. Ал эми дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Кыргызстанда дем алыш болгондуктан, ал арада кассадыгы суммага дагы акча кошулган — майрам күндөрү жана бейшембиде. Кыргыздар кол салган адамдар кавказдыктар экенин айтышты», — деп жыйынтыктаган маалымат булагы.