Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу 11-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Түрк мамлекеттер уюмунун Самаркандда өткөн тогузунчу кеңешмесинде өтүп, аны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго тапшырды.

Чынгыз Айтматов — кыргыз жана совет жазуучусу, ал адабияттын классиги. ЮНЕСКОнун маалыматтарына ылайык, заманбап жазуучулардын арасында Айтматовдун чыгармалары эң көп окулган. Анын чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нускада басылып чыккан.

Айтматов 1994-жылдан 2008-жылдарга чейин Кыргызстандын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланды жана Люксембург) өлкөлөрүндөгү элчиси болгон.

Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Анын сөөгү 14-июнда Бишкекке жакын жердеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жерге берилген.